Биз менен байланышыңыз

Whatsapp, Signal, Telegram: кайсы мессенжер коопсуз? (адистин түшүндүрмөсү)

Whatsappтагы маалыматтар уурдалып жатабы? Signal, Telegram сыяктуу мессенджерлердин коопсуздугу тууралуу «Облачные сервисы для бизнеса» компаниясынын жетекчиси Улан Жумашев менен маектештик.

Whatsapp колдонуучулардын маалыматын топтойт

Байланыш багытындагы тиркемелердин баары колдонуучулардын маалыматтарын сакташат жана өздөрүнүн жумушунда колдонушат. Мындай компаниялар негизинен жарнамадан киреше табышат. Алсак, кайсы тайпаларда сиздин номуруңуз бар экени, кайсы бизнес аккаунттардан сизге кат келип жатканы, сүрөт, аты-жөнүңүз, каттар, медиа файлдар сыяктуу маалыматтар Whatsappка көп деле маанилүү эмес. Бирок тиркемени кайсы аймакта, кандай убакта активдүү колдоноруңуз, телефондун модели, интернет-браузер, провайдерлер тууралуу техникалык маалыматтар азыр да колдонулат. Азыр деле Facebook мындай маалыматты үчүнчү жактар менен иштешкенде да, колдонууга толук акысы бар. Өзгөрүүлөргө ылайык, Facebook жарнамалар эффективдүү болушу үчүн бизнесинде Whatsappтагы маалыматтарды колдонот. Белгилүү ишкер, саясатчылар ири корпорациялардын саясатын сындап, жарнамадан башка маселе бар экенин айтып келет. Алар коопсуздукка тынчсызданууда.

Бир топ мамлекеттик кызматтар мессенджерлердеги маалыматтарды көрө алат 

Чет ара кызматы, УКМК, Финпол жана башка 20дай мамлекеттик кызмат жарандардын кадимки чалуулары, жазышкан каттары жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Каалаган учурда сүйлөшүүлөрдү жаздырып ала алышат. Бирок алар жөнөкөй адамдардын маалыматтарына кызыкпайт. Терроризм, экономикалык кылмыштарга шектүү адамдардын гана маалыматын текшерет.

Signal — эң коопсуз мессенджер

Signal — коопсуздук жагынан жакшы корголгон мессенджер. Анткени ал бир гана номурду сурайт. Telegramда да ушундай эле көрүнүш. Ал эми Whatsapp, Facebook, Instagram түрдүү маалыматтарды көп чогултат. Канчалык көп маалымат чогултулса, коопсуздук коркунучу жогорулайт. Маалымат аз чогултулса, коопсуздук коркунучу азаят.

Telegram — мамлекеттер көзөмөлдөй албай турган тиркеме

Алсак, Иран, Орусия Telegramды колдонууга бөгөт койсо да, тиркеме ишин токтоткон жок. Telegram — ишкердик үчүн ыңгайлуу компания. Анткени андагы боттор робот сыяктуу иштеп, буюртмаларды кабыл алып, товар боюнча маалымат бере алат. Калктын басымдүү бөлүгү Telegram колдонсо, балким бизнес башкача өнүкмөк. Telegram дээрлик акысыз кызмат көрсөтөт. Бир жолу бот жазып коюп, жылдар бою иштетүүгө мүмкүн. Facebook корпорациясы коммерциялык уюм болгондуктан, кирешени көбөйтүү максатын көздөйт.

Whatsappтын 3 түрү бар

Алар: Whatsapp Business API, Whatsapp Messenger, Business Whatsapp. Көпчүлүк калк Whatsapp Messenger колдонот. Ишкерлер болсо Business Whatsappка артыкчылык берет. Whatsapp Payment азырынча Кыргызстанда колдонулбайт. Бул тиркеменин жардамы менен түрдүү төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот. Индияда бул активдүү сыналууда. Алдыдагы жылдары бардык дүйнөгө тарай баштайт. Мындан сырткары, Whatsapp Business APIнин тиркемеси жок. Ал жалаң бот менен иштейт да, бир мүнөттө 500 катка жооп берүүгө жетишет.

Бизнеске ыңгайлуу мессенджерлер

Facebook популярдуулугун жоготууда. Көптөгөн ишкерлер Instagram Directти колдонушат. Telegram канал ачып, бот жасап, кардарларды да Telegramга өткөрүү — бизнес үчүн жакшы. Анткени тиркеменин көп функциялары акысыз.

Кибер чабуулдан коргонуу үчүн

Компанияга таандык эмес маалыматтык системаны колдонууда кибер чабуулдан коргонуу эрежелерин сактоо керек. Бир маалымат качандыр бир убакта сизге коопсуздук келтирерине шектенсеңиз, анда аны мессенджерлер аркылуу жибербеңиз. Сиз үчүн кооптуу медиа файлдардан алыс болуп, коопсуз, каттар дароо өчүп кете турган мессенджерлерди колдонуу сунушталат.

Copyright © 2017 Maral FM