Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда дарыгерлердин массалык түрдө жумуштан кетип жатканы калп

Кыска кабар | 22 Мар 2020 | 965 | 0

“Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын дарыгерлери массалык түрдө иштен кетип жатат” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат. Маалыматка ылайык, оорукананын бардык медициналык кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Дарыгерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Алар жеке коргоо каражаттары (беткаптар, респираторлор, коргоо костюмдары, бир жолку халаттар) менен толук кандуу камсыздалды, — деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абаддагы медиктерге кошумча жеке коргоо каражаттарын жөнөтүү маселеси каралып жатканын министрлик кошумчалайт.

Кечээ вотсап тармагында Жалал-Абаддын Сузак районунда карантинге алынган аймактан оору жугузуп алгандар өз алдынча чыгып жатканы, аны токтотууга дарыгерлерди алы келбей, айрым ден соолук сакчылары жумушун таштап кетип жатканы айтылган билдирүүлөр таратылган.

Ошондой эле, ал билдирүүдө ооруканадагы дарыгерлерге медициналык беткаптар, коронавирустан коргоо костюмдары, халаттар жетишсиз болуп жатканы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM