Биз менен байланышыңыз

Facebook Бразилия президентинин жактоочуларынын баракчаларын жабууга аргасыз болду

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Авг 2020 | 377 | 0

Facebook Бразилиянын президенти Жаир Болсонарунун 12 негизги жактоочуларынын баракчаларын жаап салууга аргасыз болду. Бул адамдар соттор жөнүндө жалган маалымат тараткан деп айыпталууда.

Май айында Бразилиянын соту Facebookта 12, Твиттерде 16 профильди жаап салган.

Баракчалары жабылган адамдардын арасында Бразилиянын президенттик партиясынын лидери Роберто Джеферсон жана белгилүү бразилиялык бизнесмен Лусиану Ханг бар.

Буга чейин Facebook соттун чечимин аткаруудан баш тарткан. Компаниянын жетекчилиги аны сөз эркиндигине коркунуч келтирип, сотко бере тургандыгын билдирген.

31-июлда Бразилиянын Жогорку Соту Facebook’ка дүйнө жүзүндө көрсөтүлгөн баракчаларды бөгөттөгөнү үчүн айып салган. Учурда бул баракчалар Бразилияда гана блоктолгон. Facebook’тун айып пулу болжол менен 367 миң $ болду.

Белгиленгендей, чечимди аткарбагандыгы үчүн айыптын өлчөмү күн сайын 100 миң сомго көбөйөт.

Twitter учурда Болсонару жактоочуларынын баракчаларын жаап-жашырабы белгисиз.

Copyright © 2017 Maral FM