Биз менен байланышыңыз

Азия кубогу: Өзбекстан Австралияга жеңилип калды

Кыска кабар , Спорт | 21 Янв 2019 | 980 | 0

Азия Кубогунун алкагында плей-оффтун алгачкы оюнунда Өзбекстан курама командасы  Австралиядан жеңилип калды. Мындай жыйынтыктын айынан чейрек финалга өтө алган жок. 1/8 финалдын алкагындагы беттеште негизги 90 мүнөттө жана кошумча берилген убакытта да эки тарап тең гол киргизе алган жок. Пенальтиде австралиялыктар 4:2 эсеби менен жеңишке жетишти.

Кошумчалай кетсек, Өзбекстан F тайпасынан ал эми Австралия В тайпасынан 2-орун менен плей-оффко чыккан болчу. Кыргызстан Бириккен Араб Эмирлигин жеңе алса, Австралия менен беттешет.

Copyright © 2017 Maral FM