Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев «Өнүгүү-Прогресс» кийинки шайлоодо кандай программа менен чыгарын айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Янв 2019 | 709 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев “Марал” радиосуна берген маегинде “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы 2020-жылкы парламенттик шайлоого негизги идеялар менен чыга турганын билдирди.

«11-классты бүткөн окуучунун аң-сезимин кантип өзгөртө алабыз? Ал кайсы адистикке ээ болорун билиши керек. Дыйканчылыкты дагы күчтөнтөбүз. Мына ушул маселе ошол боюнча чыгабыз. «Дыйкан сүт» деген долбоорду иштеп чыктык. 2020-жылдагы шайлоо таза өтөрүнө ишенип келе жатам. Шайлоону акча, адмнистративдик ресурс экөөсү тең чечет», — дейт Төрөбаев.

Ал саясий партиялардын жоопкерчилигин күчөтүү зарыл экенин белгиледи.

«Мен жоопкерчилик тартууга даярмын. Парламентке олигархтар келип калды дейбиз. Депутаттарды эл шайлады. Эл акчага кызыкпай, партиянын программасына маани бериши зарыл. Биз партияны эмес программаны шайлайлы, убада аткарбагандар жооп берүүгө милдеттүү», — дейт эл өкүлү.

Төрөбаев өндүрүштө иштеп жүргөндө ой жүгүртүүсү башкача болсо, депутат болгон соң көбүрөөк мамлекеттик коопсуздук, балдардын билими тууралуу ойлонуп калганын айтат. Ал буга кошумча парлементтин дагы кемчилиги бар экенин, коомдогу маселелерге мыйзам, токтомдор менен ыкчам чара көрүлбөй калган учурлар болгонун белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM