Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: «Ак шумкарлардын» чейрек финалга чыгууга толук мүмкүнчүлүгү бар

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Янв 2019 | 638 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев “Марал” радиосуна берген маегинде Кыргызстандын улуттук курама командасы «Ак шумкарлардын» чейрек финалга чыгууга толук мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

«Ак шумкарлар» бизге үмүт берди. Кандай гана жыйынтык болбосун кыргыз эли аларды ар дайым колдойбуз. Артында биз турабыз. Биздин балдар жакшы оюн көрсөтүп жатышат. Ак шумкарлар канчалаган оюн көрсөтүп, тажрыйба топтошту, психологиялык жактан да бир топ чыңалуулардан өттү. Ошондуктан мен балдарга ишенем. Аларга  ийгилик каалайбыз», — дейт Төрөбаев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-январда футбол боюнча Азия Кубогунун плей-офф баскычындагы оюндар алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынын футболчулары менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча 23.00дө болот.

Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө континенттеги эң мыкты 24 курама чыгып, чемпиондук үчүн ат салышууда.

Copyright © 2017 Maral FM