Биз менен байланышыңыз

Премьер-министрликке чакыруу болсо, Төрөбаев кызматка барууга даяр

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Янв 2019 | 1650 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев “Марал” радиосуна берген маегинде премьер-министрликке чакыруу болсо кызматка барууга даяр экенин билдирди.

Анын айтымында, өлкө экономикасы үчүн өкмөттү күнөөлөп кетирүүдөн натыйжа болбойт. Премьер-министр кадр саясатын өзгөрпөсө, Кыргызстан өнүкпөйт.

«Өкмөт иштегени менен жыйынтык жок болуп жатат. Андыктан премьер-министр кадр маселесине маани бериши зарыл. Өкмөттүн курамына саясатчы бирөө келиши керек. Тагыраагы, премьер-министр саясатчы болушу шарт. Ал баарын көрүп, анализ кылып, тапшырмаларды берип турушу керек. Бирок мунун баарына өзү жетишпейт. Ошондуктан командасы күчтүү болушу керек. Бизде министрлер кагаздарга кирип кеткен. Мисалы, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине Улукбек Кочкоров барып, эл менен аралашып, өзү идея көтөрүп иштеп жатат. Ал эми Саламаттыкты сактоо министри “мага тийишпей эле койчу, министрликке жеттим, тынч иштеп турайын” дептир. Ушундай адам кандай иштейт?», — дейт Төрөбаев.

Анын пикиринде, кадрлар боюнча парламентте көпчүлүк коалициянын жоопкерчилиги болушу керек. Кадр тандоодо шашпоо зарыл.

«Атамбаевдин убагында кадр тандоодо «бул бизди сатпайт, шайлоодо добуш алып берет» деген принцип бар эле. Эми андай принциптен кетиш керек. Жогорку кызматка келген адамдарды тарбиялоо зарыл» — дейт эл өкүлү.

Төрөбаев буга кошумча, Дастан Жумабековдун Жогорку Кеңештин төрагалыгына тажрыйбасы жетпей жатканын айтып, төрага окуяларга оперативдүү түрдө реакция кылууга аракет жасашы керек экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM