Биз менен байланышыңыз

Америкалыктар «Аэрофлотту» сотко беришти

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Янв 2019 | 831 | 0

Америкалык жүргунчүлөр рейстен кечигип калганы үчүн орусиялык «Аэрофлот» авиакомпаниясын сотко беришти.

Алар Шереметьево аэропортундагы чабал уюштурулган каттоо иштеринин  айынан кечигип,  келтирилген зыян үчүн компаниядан 3,6 миллион доллар талап кылышууда. Доогерлердин айтымында алар учакка отуруу жайына арасындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгу чектелген жарандын абалына жараша учууга 15 мүнөт калганда келишкен. Бул учурда борт жабылып, жүргүнчүлөрдү кабыл алуу токтогон болот.

Кайрадан жаңы билетти 2,5 миң долларга сатып алган америкалык жүргүнчүлөр суткалап аэропортто күтүп калышкан. Бул аралыкта аларга эч кандай көңүл бурулбай, жардам көрсөтүлгөн эмес.

Доогерлер авиакомпания Монреаль конвенсиясында каралган авиа жүргүнчүлөрүн ташуунун эрежесин биле туруп бузду.

Иллинойс федералдык соту доонун канчалык негиздүү экенин карап чыгууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM