Биз менен байланышыңыз

Көңүл четинде калган Достук айылы

Коом | 17 Янв 2019 | 703 | 0

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Достук айылында жол, суу жана башка социалдык көйгөйлөрдөн улам жергиликтүү жаштар чек арадагы жерлерин таштап, башка аймактарга кетип жатышат. Айылда уюлдук байланышы да жок. Аргасыздан жергиликтүүлөр Тажикстандын уюлдук байланышын колдонушат. Ал эми жергиликтүү бийлик чек арадагы элдин көйгөйүнө  кайдыгер мамиледе.

Баткен районунун борборунан анча алыс эмес жерде жайгашкан Достук айылына баруучу жол мурда Тажикстан аркылуу болгондуктан ал жолду кошуна өлкө жаап салган. Ал эми айыл эли аргасыздан, адырларда, сел өткөн сайларда жүрүп райондун борборуна келүүгө аргасыз болушат. Айылдагы элдин дагы бир түйшүгү телефон байланыштын жоктугу экенин Достук айылынын тургуну  Абдырахман Бостонов айтты.

-Айыл үч тарабы тең Тажикстандын чек арасында турат. Чыгыш тарабы эле Кыргызстан. Уюлдук байланыш жок болгондуктан, тажиктердин симкарталарын колдонобуз. Бирок ал симкарталар Кыргызстанга чалууда өтө кымбат, мүнөтүнө 50 сом.

Айылда жумуш жок. Дыйканчылык кылууга же мал кармоого да чек арага жакын болгондуктан шарт жок. Анткени кошуна өлкөнүн эли тарабынан кысымчылыктар көп болорун айласы кеткен карапайым калк айтат. Ал эми Достук айылынын тургуну Жакып Мейликулов жаштар жакшы жашоо издеп, чек арадагы жерлерин таштап кетүүдө дейт.

-Биздин айыл чек арада жайгашкандыктан жумуш жок. Жаштарыбыз башка аймактарга көчүп кетип жатыштат. Айылда аксакал, кары-картаңдар эле калды. Жаштар кетип жаткандыктан мектепте да окуучулардын саны азайып, жабылып калуу коркунучу да бар.

Бул айылдын дагы бир көйгөйү суу тартыштыгы. Айылга келүүчү суу Тажикстан аркылуу өткөндүктөн Тажик жарандары кааласа суу берет, каалабаса бербейт. Тажик айылдарын аралап келген суу булганып келгендиктен аны ичүүгө болбойт. Бирок Достук айылындагыларда булганган сууну ичпей койгонго айласы жок дейт, айылдагы ФАПтын мээрбан айымы Калыс Эрдовлатова.

-Таза суу Тажикстан аркылуу агып келгендиктен булганып келет. Ошондуктан ар бир үй-бүлө жок дегенде 2 литр сууну кайнатып койүп ичкиле дейбизда. Анткени арыктан келген сууну ичкен коркунуч туудурат.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо айылдагы элдин айткандарына кошулбайт. Анткени өткөн жылы Достук айылында аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында суу түтүктөрү тартылып жана башка социалдык көйгөйлөр чечилиптир. Бул тууралуу  Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Тургунбай Нишанбаев айтып берди.

-Сугат суу үчүн 2 млн сомдук насос орноттук. Аны менен катар санариптик телеберүүнү көрүү үчүн антена койгонго имарат да куруп койдук. Жакында антена орнотобуз. Мектепке таза суу алып келдик. 400 чакрып дарыянын жээги тосулуп, ушу сыяктуу жумуштар болууда.

Достук айылында 500гө жакын калк жашайт. Айылындагы  көйгөйлөрдү чечүүгө айыл өкмөтү канчалык аракет кылбасын, жумушсуздук жана башка көйгөйлөр чек арадагы элди кармап калууга түйшүк жаратууда. Эгерде чек арада эл жашабай калса, анда бош калган жерлерди кошуна өлкөнүн жарандары ээсиз калтырбашы анык.

Copyright © 2017 Maral FM