Биз менен байланышыңыз

Собчак өзүн айыптаган Киевге барды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 616 | 0

Орусиянын президенттигине талапкер болгон журналист Ксения Собчак Украинанын борбору Киевге барды. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттер баракчасынан «Салам, Киев!» деген билдирүүсүн жазган.

Кийин бул сапардан саясат издебөөгө чакырып, болгону Киевдеги досторун зыяратка келгенин билдирди.

Украинанын «душмандарынын» тизмесин жана өздүк маалыматтарын жарыялаган «Миротврец» сайты Собчакты «Басып алынган Крымга кирүү менен Украинанын чек арасын атайылап бузду» деген кинени койгон. Порталдын билдиришинче ал Крымдын оккуупацияланышына тараптар.

Бирок Собчак Крымды Украинанын жери деп тааный турганын айткан.

Анткен менен өткөн жылы Америкага болгон сапарында көпчүлүк крымдыктар Орусиянын бөлүгү болууну каалай турганын, ошондуктан жарым аралды жөн эле кайтарып бере салуу мүмкүн эмес экенин билдирген. Анын пикиринде Крым талашын чечүү үчүн эки өлкөдө тең референдум өткөрүү зарыл.

Эске салсак, Орусиянын шоу тармагынын өкүлдөрү үчүн Крым маселеси абдан олуттуу таасир тийгизген. Крымдын Орусияга өтүүсүнө каршы болгондор Орусияда ишмердүүлүк жүргүзмөк түгүл ээн-эркин келе да албай калышты. Тескерисинче, «Крым-орустардыкы» дегендер Украинанын аймагына кире алышпайт.

Copyright © 2017 Maral FM