Биз менен байланышыңыз

Брексит: Мэйдин өкмөтү ордунда калды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 662 | 0

Британиянын парламенти кечээ, 16-январда «Брексит» же Британиянын Евробиримдиктен чыгуусунда чабалдык көрсөткөн өкмөтүнө ишеним көрсөтпөөгө добуш беришти. Бирок аз гана айырмадагы добуш менен Тереза Мэйдин командасы өкмөттө калды. Ага ишеним көрсөтпөөгө 306 депутат добуш берсе, 325 киши каршы добуш колдонду. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

Өкмөт кызматында калганы менен «Брексит» маселеси курч жана опурталдуу бойдон калууда.  Брюссель менен макулдашылып, кол коюлган келишимди парламент кескин түрдө четке какты.

Эми парламент Мэйдин командасына дуйшөмбүгө чейин уруксат берди. Мэй Евробиримдиктен чыгуу боюнча келишимдин жаңы вариантын алып келүүсү керек. Премьер-министр партия лидерлери менен кеңешип, бул тапшырманы карап жатканы кабарланды. Кээ бир булактар кайра эле мурунку келишим сунула турганын жарыялап да жиберишти.

Ал арада Евробиримдик биринчи кол коюлган келишимдегиден башка эс нерсе бере албасын, келишимди кайрадан карабай турганын билдиришүүдө.

Эске салсак, 2016-жылы британиялыктар Евробиримдиктен чыгууну референдумда колдошкон. Бирок өкмөт менен биримдиктиктин ортосунда түзүлгөн келишим Британия үчүн чоң чыгашаларды алып келе турганы маалым болгон соң «Брексит» ара жолдо калды.

Copyright © 2017 Maral FM