Биз менен байланышыңыз

«Конституцияга өзгөртүү киргизүү революция менен барабар»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Янв 2019 | 534 | 0

Саясатчы Ишенбай Кадырбеков “Марал” радиосуна берген маегинде Конституцияны өзгөртүп, реформалык революция кылбай бири-бирине кайчылаш мыйзамдарды гана өзгөртүү зарыл экенин билдирди.

Кадырбеков Баш мыйзамды өзгөртүү менен өлкө өнүгүп, турмаш жакшырат деген ойдон алыс. Анын айтымында, Конституцияны өзгөртүү менен турмуш жакшы болуп кете турган болсо Кыргызстан эң өнүккөн мамлекет болмок. Бирок Конституцияга өзгөртүү киргизүү революция менен барабар.

«Кыргызстан 11 жолу революция жасады, башкача айтканда Баш мыйзам өзгөргөн сайын мамлекеттин констукциясын жокко чыгарып башынан баштадык. Эл башкаруунун кайсы формасын каалайт? Алардын да оюн угуу зарыл», — дейт Каыдрбеков.

Copyright © 2017 Maral FM