Биз менен байланышыңыз

Депутат: Трансплантология өнүкпөй жатат

Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 548 | 0

«Баардык өлкөлөрдө трансплантология тармагы өнүгүп жатат. Эмне себептен биздин өлкөдө өнүкпөшү керек?”,-деди депутат Евгения Строкова Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында.
Анын айтымында, Кыргызстанда тажрыйбалуу, жогорку деңгээлдеги трансплантолог врачтар бар. Бирок мамлекет бул тармакка жакшы көңүл бурбайт.

Ошондой эле депутат Кыргызстанда медицинанын бул тармагы да өнүгүп-өсүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып, ага ишенээрин белгиледи.

Эске салсак, биринчи жолу 1933-жылы советтик хирург Юрий Вороной бөйрөктү алмаштырган. Мына ошол убакыттан бери өпкө, бөйрөк, жүрөк ж.б организмдин мүчөлөрү алмаштырылып келет.

Copyright © 2017 Maral FM