Биз менен байланышыңыз

«Өпкөбүздү басып, чыдап туралы». Сынга кабылган бейтапкананын курулушу

Коом | 10 Сен 2020 | 1878 | 0

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жайылгандан тартып, ооруканалардын жетишсиздиги, медицинанын алсыздыгы тууралуу маселе коомдук талкууга түштү. Өкмөт бул убакытта чукул чечимдерди кабыл алып, анын бири ооруканаларды куруу болду.

Вирусту жуктуруп алган жарандар көбөйүп, ооруканаларда орундар жетишпей калган учур кыргызстандыктардын нааразычылыгын жаратты. Бишкекте абал турукташып калгандан кийин өкмөт экинчи толкунга даярдык катары тез аранын ичинде курулуучу ооруканага 60 миллион сом Региондорду өнүктүрүү фондунан бөлгөн.

Июль айынын этегинде оорукананын курулушу башталып, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышкан. Өкмөт башчы Кубатбек Боронов бир айдын ичинде, тагыраак айтканда, 25-агустка чейин бүтүрүүнү тапшырган болчу.

Бирок курулуш агенттиги ишти кечиктирип, сентябрдын аягына бүтүрөрүн билдирип жатат. Анын себебин сапатына байланыштырды. Бул туурасында Турак жай-жарандык департаментинин директору Адилет Абдыкадыров маалымат каражаттарына берген маегинде билдирген.

Бизге бат бүтүрүү менен бирге сапаттуу да болуусун тапшырылган. Ошондуктан сапатына көбүрөөк көңүл бурулуп, убакыттан бир аз кармалып жатат. Өзү нормативдик мөөнөт эки ай, өкмөттүн эртерээк бүтүрүп бергиле деген талабы болгондуктан биз аракет кылып жатабыз, — деп айтат Абдыкадыров.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов бул курулуштун жүрүшү боюнча 8-сентябрда өткөн брифингде кеп кылып, сапатына токтолуп кетти.

Аны атайын кышында суукка, жайында ысыкка чыдай тургандай кылып даярдап жатабыз. Ошондой эле инфекциялык оорулууларга, коронавируска чалдыккандарга ылайыктылган, — дейт өкмөт башчы.

Бул курулуш коомчулуктун көзөмөлүнөн четте эмес. Социалдык тармактарда анын кечиктирилип жатканы менен бирге сапаты дагы начар экендиги айтылып, талкууга түшкөн. Боронов мындай сындар орунсуз болуп жатканын айтып, курулуш жөнүндө такыр түшүнүгү жоктор сынга алганы туура эмес деп эсептейт.

Мындай курулуштарды сөзсүз түрдө көзөмөлгө алышыбыз керек, бирок туура сын, туура мамиле болсо – ошол жерде иштеп жаткан курулушчуларга дагы дем болот эле да. Кээ бир жарандарыбыз адис эмес же курулуштан түшүнүгү жок, анан маалыматы жок сындай бергени бир аз туура эмес болуп жатат. Ошондуктан, мына бир аз убакыт калды, өпкөбүздү басып чыдап турсак, оорукананын кандай бүткөнүнө күбө болобуз.

Боронов брифингден кийин, бүгүн, 10-сентябрда иш жүрүп жаткан жерге барып иш менен таанышып чыкты. Өкмөт башчы сөзүндө кырдаалга байланыштуу аймактардагы ооруканалардын иштебей жаткан имараттарын оңдоп, Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында жаңы бейтапканаларды куруу иши жакшы жүрүп жатканын айтты.

Ал эми Жогорку Кеңештин Курулуш комитетинин мүчөсү, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу мындай курулуштар комитеттин кароосунан өтпөгөнүн, ага өкмөт өзү чечим чыгарарын айтып, сапаты боюнча адистер гана кеп кыла аларын билдирди.

Сапаты жагын айта албайм, ал үчүн атайын адистер бар да. Өзүңүздөр билгендей, биз муну карап жетишкен жокпуз. Мындай өзгөчө абалга байланыштуу салынып аткан объектилерди комитеттин кароосунан өткөрбөй деле салса болот, — дейт Жунус уулу.

Салынып жаткан имарат бөлүнгөн акчага карап баалаганда- арзан. Бирок абалга байланыштуу деп эле эптеп имараттарды салуу дурус эмес экенин медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев «Маралга» билдирди.

Султангазиевдин айтымында, мындай имараттар азыркы учурда керек болуп турат. Бирок ага иштей турган кадрлар жок. Ал эми эпидемияны пайдаланып, оорукана курулуп калганы менен, сапаты начар болуп калбашы керек.

Бир чети эпидемияны пайдаланып имараттар курулуп калса жакшы эле. Бирок кандай болот, ичиндеги медициналык жабдуулары кандай болот, кислород станциясы орноштурулабы? Эми ушуларды адистер барып көрбөсө, бул жактан туруп алып айта берүү дагы кыйын. Бирок булар керек, — дейт эксперт.

Султангазиев ошону менен бирге бул имараттар өкмөттүн айла жоктон гана, элдин көзүнө орундуу иш кылгандай көрүнүү үчүн кылынып жатканын дагы кошумчалады:

Эми булар элге бир нерсе көрсөтөлү деп эле бат-баттан салып жатышат. Негизи, туурасы аны үч-төрт кабаттуу кылып, кирпичтен курушса болмок. А бул азыр айла жоктун гана иши.

Кыргызстанга коронавирус инфекциясы жайылып баштагандан бери чет жактардан 338 миллион доллар акча каражаты келген. Анын 207 миллиону корогон болсо, калган 131 миллиону сакталып турат. Андан бөлүнгөн каражаттарга ооруканалар салынып жатат деген  менен, корогон акчалар боюнча коомго ачык маалыматтар берилбей келет. Бул коомчулукта күмөн саноолорду жаратууда.

Copyright © 2017 Maral FM