Connect with us

Кардиолог: Исламдагы амалдардын ден соолукка пайдасы зор

Блог | 21 Апр 2021 | 2266 | 0

Орозо кармоо — Ислам дининде көп сооп алып келген ибадаттын бири. Ошол эле учурда 30 күн бою күндүз ачка жүрүүнүн адам организмине да пайдасы зор. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, кардиолог Абдимиталип Халматов «Маралга» берген маегинде кеңири түшүндүрүп берди.

— Сиздин Ислам дини менен медицинаны эриш-аркак алып жүргөн дарыгер экениңизди жакшы билебиз. Айтсаңыз, Ислам дини жана негизги медицина ден соолукка кам көрүү үчүн кандай мыкты шарттарды сунуштайт?

— Чындыгында былтыркы пандемия учурунан баштап ар бир адам ден соолуктун кадырын билип, өзүнө жана ден соолугуна кам көрүү керек экенин түшүнүп калды. Албетте, пандемия бизге таасирин тийгизбей койгон жок. Жаман да, жакшы таасири болду. Жакшы дегенде адамдар ден соолугуна мыкты карап, аны жакшыртып жана алдын алууну үйрөнүштү. Бул – аябай жакшы көрсөткүч.

Тазалык тууралуу Мухаммед (САВ) пайгамбарыбыздын хадистеринде, Куран аяттарында да көп айтылган. Мына медицинада деле өзүңөр күбө болгондой иш кылганда, транспорт колдонгондон кийин колду бат-баттан таза жууп турууну айтып келет. Бул да Исламда айткан тазалыктын бири болуп эсептелинет. Бирок Ислам дининде айтылган бул сөз бир гана кол-беттин тазалыгы эмес, бардык нерсенин таза болушуна чакырат жана анын жети жолу бар. Алар:

1) Адам денесин жана кийимин таза тутуу. Исламда таза болбой туруп, намаз окулбайт, Куранды кармаганга болбойт. Андыктан, бул – Ислам дининин эң негизги шарты.

2) Колдун тазалыгы. Жана айтып өткөндөй колду транспорттон кийин жана башка учурда жууп-тазалап туруу керек. Экинчи жагынан алып караганда адамга кол көтөрбөө, арам деп эсептелген нерселерди кармабай, жаман иштерден колун оолак кармоосу керек.

3) Кулактын таза болуусу. Аны жууп-тазалоо жана ушак-айыңдан сактоо.

4) Тилди таза сактоо. Жаман сөздөрдү сүйлөбөө. Эгер тилиң бош болсо, анда зикир менен, Куран менен, адамдарга жакшы сөз сүйлөө, жакшы көрөрүн билдирүү менен болушу керек.

5) Көздү таза кармоо. Көздү жаман нерседен сактоо, жаман нерселерди карабоо. Пайгамбар Мухаммед (с.а.в) мындай деген: «Адам жаман нерсени бир жолу карап калган болсо, эч нерсе болбойт. Экинчи жолу караса, анда күнөө». Ошондуктан, көздү да жаман нерселерден сактоо зарыл.

6) Ойду таза кармоо. Бул адамды оптимист болууга чакырат. Учурда көпчүлүк инсандар туура эмес нерселерди ойлонуп жатып, депрессияга кабылып, жыйынтыгында ооруга чалдыгып калууда. Ошол үчүн ойду тазартуу ден соолукка чоң таасирин тийгизет.

7) Жүрөктү таза кармоо. Мухаммед (с.а.в) айткан: «Адамда бир үзүм эт бар: ал бузулса, бүт дене бузулат; ал оңолсо, бүт дене оңолот. Ал үзүм эт — жүрөк». Ой менен жүрөктү таза кармоо – ниетти тазартуу дегендик. Аллах адамдын кийимине же келбетине карабайт. Адамдын жүрөгүнө, ниетине карайт.

— Тазалык көп нерселердин алдына аларын баса белгилеп өттүңүз. Ислам дининдеги даарат алуу талаптарынын, кыймыл-аракеттердин да өзүнүн пайдалары болсо керек…

— Адамда биоритм деген нерсе бар. Ал адамдын организминин туура иштешин, туура калыптанышын камсыздайт, ошондой эле иммунитетти көтөрөт. Биоритм — адамдын организмин бир калыпта кармап жүргөн, иммунитетти көтөргөн фактор. Биоритм бир жылда бир чоң алмашууга дуушар болот. Кызыгы, бул да орозо убагына туура келет. Бир ай ичинде организм тазаланып, толугу менен биоритм процессте болот. Органдарды, анын ичинен тамак сиңирүү органдарын калыбына келтирип, 11 ай иштөөсүнө кам көрөт. Изилдөөчүлөр аныктагандай, орозо кармаган адамдын тамак сиңирүү органынын иштөөсү 50-57% азаят. Биоритмдин иштөөсүнө тамак-аш тоскоол болгондуктан, бир ай күнүнө 13-14 саат ачка болуу чоң биоритмдин ийгиликтүү алмашуусун шарттайт.

Биоритм бир күндө 50 жолу алмашса, чоң биоритм 5 жолу алмашат. Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча чоң биоритмдердин алмашуусу беш маал даарат алуу учуруна туура келет. Муздак суу менен колу-бутту жууп даарат алуу биоритмдин алмашуусун калыбына келтирет. Биоритм точкалары колдо жана бутта жайгашкандыктан алмашуу бат жана жеңил өткөрөт. Окумуштуулар биоритм беш маал даарат алуу учуруна туура келгенин таң калуу менен кабыл алышты.

— Туура тамактануу да күндүн негизги көйгөйлөрүнүн бири. Дарыгерлер көп оорунун себеби катары да ушул факторду белгилеп келишет. Ислам туура тамактанууга кандай көңүл бурат?

— Ислам дининде тамактануу маселесине да көңүл бурулган. Мухаммед (с.а.в) мындай деп айткан: «Ашказанынарды үчкө бөлгүлө, бир бөлүгүн тамак, экинчисин суу, ал эми үчүнчү бөлүгүн аба менен толтургула». Мында «Канча көлөмдөгү тамак жана суу болуу керек?» деген суроо туулат. Адамдын ашказаны жарым литрден бир литрге чейинки сууну кабыл алса, ал эми тамак 250-300 гр болушу керек. Туура эмес тамактануу жана көп тамактануу түрдүү ооруларды чакырат. Орозо кармоо кандагы майдын көлөмүн азайтып, инфаркт, инсульт оорулары 40-50% азаят. Мухаммед  (с.а.в) өзү жакшы көрүп пайдаланган көп пайдалуу азыктарын атаган. Пандемия учурунда өзүңүздөр күбө болгондой имбирь чайы колдонулду. Бул хадисте «иммунитети көтөрөт, шамалдаганды кайтарат» деп жазылган. Экинчиси, сарымсак. Муну пайгамбар өзү жеген эмес, бирок ооруп калгандарга сунуштаган. Ал муну жей албасын периштелер менен сүйлөшөрүн айтып түшүндүргөн. Орозо убагында курманы айтсак, анын пайдасы эбегейсиз. Курамында белок жана ар түрдүү витаминдер бар. Ооз ачарда андан 2-3 даана жеп коюу керек. Ал организмди калыбына келтирет да, курамындагы глюкоза адамды ток кармайт. Анан мисфак ооздогу жаман жыттан арылтат, эс тутумду жакшыртат. Мисфакты орозо кармаган адам бешим намазына чейин колдоно берсе болот.

— Орозо маалында уйку режими да өзгөрөт. Аз уктоонун ден соолукка болгон зыянын айтып берсеңиз…

— Орозо учурунда саат 3-4төрдө турууга туура келет. Саарлык ичкенден кийин кээ бир адамдар уктай албай калат. Бирок адамдын ден соолугуна уйкунун пайдасына караганда орозонуку көбүрөөк. Уйку боюнча жалпысынан алып караганда учурда телефон кары-жаш дебей аз уктоо оорусу менен ооруп калышына себеп болууда. Аз уктоо стрессти пайда кылат. Стрестен кан басым көтөрүлөт, ал эми кан басымдын көтөрүлүүсү инсульт-инфарктка жол ачат. Медицинада адам күнүнө 7-8 саат укташы керек.

— Учурда көйгөлүү маселелердин  бири болуп инфаркт, инсульт ооруларынын көбөйүшү болуп жатат. Бул ооруларды алдына алуу үчүн кандай тамактарды сунуштайсыз?

— Албетте биринчи жашылча-жемиш сунушталат. Алгач жашылча жеп, анан тамактануу керек. Кеч тамактанууну жана көп жегенди азайтуу керек.

Сайтка даярдаган: Мираида Нурматжан кызы

Copyright © 2017 Maral FM