Биз менен байланышыңыз

Пакистандык Амир: Кыргызстанда медициналык билим берүүнүн сапаты төмөн

Ден соолук , Коом | 2 Ноя 2020 | 615 | 0

Бир жума мурда Пакистан өкмөтү Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлардын баарын кара тизмеге киргизгенин маалымдашты. Алар мунун себебин Кыргызстандан окуп барган пакистандыктардын дипломдорунун өз өлкөсүндө таанылбай жатканы, бүтүрүүчүлөрдүн 90%ы Пакистан медициналык кеңешинин милдеттүү сынагынан өтө албай калганы менен түшүндүрүшкөн. Маалымат айтылары менен жаңы дайындалган Билим берүү жана илим министри аталган тармакта билим берген окуу жайлардын ректорлору менен жолугушуу өткөрүп, маселени чечүүгө аракетин баштаганын министрликтин эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы Чынара Мааткеримова билдирди.

«Чет өлкөлүк студенттерди сапаттуу даярдоо ЖОЖдордун кызыкчылыгы болгонуна карабай, медициналык окуу жайлардын көпчүлүгү эл аралык аккредитациядан өткөн эмес. Ошондой эле инвестициялык климатка жана билим экспортуна терс таасирин тийгизгендиктен, мындан ары министрлик тарабынан ЖОЖдордун ишмердүүлүгүнө, өзгөчө, медициналык окуу жайларга болгон лицензиялык көзөмөл күчөтүлөт. Муну менен катар, жалпы көрсөткүчтү көтөрүү максатында министрлик пакистандык студенттерге болгон кабыл алуу талаптарын катаалдаштырат», — деди Мааткеримова.

Белгилей кетсек, Пакистандан жүздөгөн студент Кыргызстандагы медициналык окуу жайларга тапшырат. Алардын көпчүлүгү өз өлкөсүндө бул тармактан билим алуу кымбатка турарын айтышат.

Маселен, Пакистандын жараны Амир 2018-жылы Бишкек шаарындагы Эл аралык медициналык университетке тапшырган. 3-курстун студенти учурдагы шартка байланыштуу дистанттык негизде билим алууда. Ал Кыргызстандан медициналык билим алып барган мекендештеринин диплому Пакистандын талаптарына жооп бербей жатканын досторунан уккан. Амир өзү да Кыргызстандагы медициналык билим берүү сапатын төмөн деп баалайт.

«Азыр мен 3-курста окуп жатам. Чынында билим берүү сапаты начар. Мисалы, биз ооруканаларга барып практикалык негизде билим алган жокпуз. Практика жүзүндө үйрөнбөсөң, бул кесипти өздөштүрүү мүмкүн эмес. Андан тышкары бир группада аябай эле көп студент билим алат», — дейт Амир

Ошондой эле ал Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жана Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде окуп кеткен досторунун алган дипломдору өлкөсүнүн талабына жооп берерин кошумчалады.

Бул албетте Кыргызстандагы окуу жайлардын баары эл аралык талапка жооп бере албайт дегенди билдирбейт. Маселен, «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин ректору Санжар Эрдолатов өзү жетектеген окуу жай эл аралык талаптарга толук жооп берерин айтат. Учурда окуу жайга дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн студенттер келип билим алат. Буга чейин билим сапаты боюнча бир да жолу терс баа берилген эмес.

«Биз эл аралык талаптарга жооп берүү үчүн бардык шарттарды аткардык. Студенттер заманбап медициналык аппараттар менен жабдылган лабораторияларда практикалык негизде жөндөмүн өстүрө алышат. Окутуучуларды да сынактык негизде, экзаменден өткөрүп кабыл алабыз», — дейт Эрдолатов

Мындай заманбап шарттар, эл аралык талаптар менен салынган окуу жайлардын дагы бири — Салымбеков атындагы медициналык окуу жайы. Аталган университеттин ректору Амангелди Жумагуловдун берген маалыматы боюнча айтсак, учурда 200дөй чет өлкөлүк студент теориялык билимин заманбап лабораториялардан, жеке клиникалардан практикага айкалыштырып үйрөнүшүүдө.

«Окуу жай ачылганга чейин бардык тийиштүү шарттарды, тармактык лабораторияларды, клиникалык жайларды ачтык. Медицинасы өнүккөн өлкөлөрдүн стандарттарына ылайыктап, татыктуу кадрларды иштеп чыгуу, окуу жайды эл аралык деңгээлге алып чыгуу — биздин негизги максаттарыбыз», — деди Жумагулов

Ошондой эле ал ар бир өлкөдө медициналык адистер үчүн ар кандай талаптар бар экенин, мындай учурда бул тармак өнүккөн өлкөлөрдөн үлгү алуу керектигин кошумчалады.

Азыркы учурда министрлик бул көйгөйдү чечүү үстүндө, билим берүү деңгээлин көтөрүү үчүн бардык чаралар, анын ичинде эл аралык аккредитациялардан өтүү тапшырмаларын күчөттү.

Даярдаган: Дастанбек Каримов 

Copyright © 2017 Maral FM