Биз менен байланышыңыз

Польшанын Гданск шаарынын мэри киши колдуу болду

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 567 | 0

Польшанын Гданск шаарынын мэри Павел Адамович эл алдында сүйлөп жаткан жеринен бычакталып, ооруканада каза болду.

Ага кол салган кылмышкер 27 жаштагы жаран жаңыдан түрмөдөн чыккан. Ал Адамовичке бир нече жолу көкүрөккө бычак сайып, микрофондон: «Адамович өлдү! Мен бейкүнөө камалгам!»,-деп сүйлөгөн. Кылмышкердин банктарды тоноп камалганы жана акылы жайында эмес болгону маалымдалды.

Учурда кылмыштын чоо-жайы териштирилүүдө. Анын мэрдин жанына чейин кантип жеткени шек жаратууда.

Аны Тез жардам ооруканага жеткирип, операцияга алышканда үзүлгөн. Дарыгерлердин айтымында бычак жүрөккө тийип, көп кан жоготкон. Беш саат бою операцияда жаткан мэрге шаардыктар кан беришкен, бирок өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок.

Кошумчаласак, 53 жаштагы Павел Адамович «Коомдук платформа» партиясынан 5 жолу удаа мэрликке шайланып, 20 жылдан бери Польшанын экинчи чоң шаары Гдансканы башкарып келген. Ар жолкусунда көпчүлүк добушту алып, шаардыктардын колдоосуна ээ болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM