Биз менен байланышыңыз

Бишкек, Ош жана Токмок шаарынын мэрлигине талапкерлерди каттоо аяктады

Кыска кабар | 19 Авг 2021 | 688 | 0

Кечээ, 18-август саат 18:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлигине талапкерлерди каттоо аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Талапкерлер тапшырган документтердин анык-тактыгы текшерилип, аймактык шайлоо комиссиялары каттоо боюнча чечим кабыл алышты.

БШКнын маалыматы боюнча, Бишкек, Ош шаарларына бирден, ал эми Токмок шаарына эки талапкер катталган.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларына мэр шайлоо 26-августта өтөт.

Шаардын аты Талапкердин аты-жөнү Көрсөткөн тарап Депутаттардын саны
Бишкек шаардык кеңеши 45 депутат
Бишкек шаары Жунушалиев Айбек Жанышбекович Министрлер кабинетинин төрагасы, Көпчүлүк коалиция
Ош шаардык кеңеши 45 депутат
Ош шаары Мамбетов Алмаз Ишенбекович «Аманат» көпчүлүк коалициясы
Токмок шаардык кеңеши 31 депутат
Токмок шаары Самаев Урмат Обозбекович Көпчүлүк коалиция
Кубатбек уулу Азат Азчылык коалиция

 

Copyright © 2017 Maral FM