Биз менен байланышыңыз

Шайлоо мыйзамдарын бузууга байланыштуу БШКга 29, ИИМге 32 кайрылуу түштү

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 427 | 0

Бүгүн, 28-ноябрь шайлоо күнүндө БШКнын Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 29 кайрылуу түштү. Бул тууралуу аталган топтун жетекчиси Тынчтыкбек Шайназаров брифингде билдирди.

Анын айтымында, кайрылуулардын ичинен экөө добуш сатып алуу, жетөө үгүт иштериндеги эреже бузуу, бирөө шайлоочуларды ташуу, бирөө шайлоо эрежелерин бузуу, алтоо шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн мамилеси, бирөө админресурс, бирөө бюллетенди сүрөткө тартуу, дагы бирөө башка бузуулар, тогузу автоматтык эсептөө урналарындагы көйгөй боюнча түшкөн.

Ал эми Башкы прокуратура башкармалыгынын башчысы Мирлан Майтпасов бүгүн прокуратура органдарына үч арыз түшкөнүн маалымдады.

Анын ичинен бирөө талапкердин соттолгондугу боюнча келип, бирок ал тастыкталган эмес. Экинчиси, добуш сатып алуу боюнча түшкөн, ал да аныкталган эмес. Үчүнчүсү, админресурсту колдонуу боюнча келип, аны текшерүү үчүн ИИМге жиберилген.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макиловдун айтымында, добуш берүү күнүндө ИИМге жалпы 32 маалымат түштү.

«Бишкек боюнча жети, Чүйдө сегиз, Нарында эки, Ош шаарында сегиз, Ош облусунда төрт, Жалал-Абадда бир, Баткен аймагынан эки маалымат келген. Алардын ичинде үгүт иштериндеги мыйзам бузуу, шайлоочуларды ташуу, админресурс дагы бар. Тогуз факты тастыкталбагандыктан кыскартылды», — деди Макилов.

Copyright © 2017 Maral FM