Биз менен байланышыңыз

Талапкер Асылбек Мадалиев шайлоого катышуудан баш тарткан эмес

Кыска кабар | 22 Ноя 2021 | 731 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттыгына №2 Баткен округунан талапкер Асылбек Мадалиев шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча БШКга арыз жазган эмес. Бул тууралуу «Марал» радиосуна талапкер өзү билдирди.

Мадалиев «Супер.кж» сайтынын «БШКга арыз жазды» деген жалган маалыматы боюнча кайрылган.

Талапкердин айтканын тактоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылганыбызда, Асылбек Мадалиевден арыз түшпөгөнүн билдиришти.

Кечээ, 21-ноябрда «Супер.кж» сайты Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматына шилтеме берип, Жогорку Кеңештин депутаттыгына №1 Баткен округунан талапкер Асылбек Мадалиев шайлоого катышуудан баш тартканын, БШК анын арызын канааттандырганын жазган.

Кабарды жазган Жылдыз Джускембаева менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

 

Copyright © 2017 Maral FM