Биз менен байланышыңыз

Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэрлигине шайланды

Кыска кабар | 26 Авг 2021 | 856 | 0

Бүгүн, 26-августта Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды.

Жыйынга алгач 44 депутат келген. Кийинчерээк дагы бир депутат кошулуп, жалпы 45 депутат толук катышты.

Жыйынтыгында 45 депутаттын 43ү Айбек Жунушалиевдин кызматка дайындалуусуна «макул» добуш беришти.

Бишкек шаарынын мэри кызматына Айбек Жунушалиевдин талапкерлигин көпчүлүк коалиция жана Министрлер кабинети сунуштаган.

Эске салсак, ал 12-августта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM