Биз менен байланышыңыз

Бишкектин мэрлигине талапкерлерди каттоо башталды

Кыска кабар | 9 Авг 2021 | 617 | 0

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алууну баштады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 26-августта саат 9:00дөн 12:00гө чейин Бишкек шаарынын мэрин шайлоону өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы 6-августта токтом кабыл алган.

Мыйзам боюнча мэрликке талапкерди шаардык кеңештердин депутаттык фракциялары, коалициялар, министрлер кабинетинин төрагасы көрсөтө алат.

Талапкерлиги көрсөтүлгөн жарандар 20-август саат 18:00гө чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:

1) талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим;

2) талапкердин өз макулдугу жөнүндө арыз;

3) өмүр баяны жана өзү тууралуу кеңири маалымат;

4) паспортунун көчүрмөсү, жогорку билими жөнүндө дипломдун жана эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус күбөлөндүрүшү керек);

5) соттолбогону жөнүндө маалымкат же акталганы тууралуу соттун чечими;

6) мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган сертификат;

7) белгиленген формадагы жеке маалыматтарды жыйноого жана иштеп чыгууга толтурулган макулдук.

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди көрсөтүү шарттары жана тартиби тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтындагы «Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө» жободон кеңири таанышса болот.

Copyright © 2017 Maral FM