Биз менен байланышыңыз

Депутаттар элеттиктердин көйгөйүн укту

Коом | 14 Янв 2019 | 598 | 0

Өткөн аптада парламент депутаттары аймактарда шайлоочулар менен жолугуп, көйгөйлөрүн угуп келди. Жолугушууда көбүнчө билим берүү мекемелердин жеткиликтүү эместиги, таза суу жана электр энергиясы сыяктуу маселелер айтылган. Тизмектелген көйгөйлөрдү эл өкүлдөрү жалпы жыйында көтөрүп чыгып, чара көрүү үчүн өкмөткө жолдошмокчу.

Жогорку Кеңештин депутаттары 8-11-январь күндөрү жер-жерлерде шайлоочулар менен жеринде иш алып барды. Алардын бири депутат Максат Сабиров Ысык-Көл облусунда жергиликтүү калк менен баарлашып, картошканын баасы арзан болуп, дыйкандардын мээнети акталбай калганынан кабардар болду.

-Көбүнчө таза суу менен социалдык мекемелердин жетишсиздиги көйгөй болуп эсептелет. Быйыл Ысык-Көлдө картошка, мал жана сарымсактын баасынын абдан түшүп кетиши чоң маселе жаратууда. Бул көйгөйлөрдү мамлекеттик деңгээлде чечип берүүнү сурангашыты. Мындан тышкары, облустагы айланма жолдун абалын оңдоо, саркынды сууларды тазалай турган чыпкаларды куруу сунушталды. Эл көйгөйлөргө өкмөт көңүл бурганы менен чечилгенин көрө албай жатабыз дешти.

Бийлик башындагылар менен карапайым калктын ачык баарлашуусунда негизинен билим берүү, өзгөчө кырдаалдар, курулуш, жайыт, таза суу сыяктуу социалдык көйгөйлөр айтылган. Депутат Айнура Осмонова Жалал-Абад облусунда болуп, калкка эң биринчи кезекте ден соолук менен билим маанилүү экенин белгилеп, оорукана, мектептердин санын көбөйтүү керектигин билдирди.

-Негизинен мектептер жетишпейт экен. Учурда бир класста 60тан бала окуйт. Бала бакчалардын жетишсиздиги дагы деле курч бойдон экен. Калкка  жумуш орундарын түзүп берүү да маанилүү болуп турат. Андан тышкары таза суу, электр энергиясынын кымбат экенин айтып арызданышты. Көйгөйлөрдү чечсе болот. Премьер-министр өзү деле кабардар. Жыйындарда депутаттар дайыма эле айтып келет.

Буга чейин бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларда көбүнесе жеке мүнөздөгү маселелер көтөрүлүп келген. Бул жолу коомчулукту кыжалат кылган көйгөйлөр көбүрөөк ортого салынды. Айрыкча, курулушу күч алган мектеп маселесине калк кайдыгер эмес экенин депутаттар белгилешти.

Эл өкүлү Кубанычбек Нурматов Ош облусуна караштуу Араван районунда болгон. Аталган райондо жазгы айдап-себүү жумуштарына карата даярдык башталып, дыйкандарды күйүүчү май менен камсыздоо маселеси ортого коюлган. Мындан тышкары, жер тилкелери боюнча маселе курч болуп жатканын кошумчалады.

Башка аймактардагы көйгөйлөр сыяктуу эле Араванда да мектеп, суу, бала бакча, жол жана чек маселелери бар. Аймактарды өнүктүрүү жылына карата жумуштар акырындан аткарылып жатыптыр. Бир топ токтоп калган имараттардын курулушу жүргүзүлүптүр. Ошентсе да жетишпеген жактар да бар. Дыйканчылык боюнча да сөздөр болду. Башка мамлекеттерде дыйкандар эгинин камсыздандырып алат. Эгерде түшүм болбосо камсыздандыруу компаниялары чыгымды төлөп берет. Бизде да ушул нерсе акырындан кирет.

Депутат Элвира Сурабалдиева карапайым эл Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация, Саламаттыкты сактоо министрликтеринин ишине нааразы экенин айтты. Мындан тышкары, ал шайлоочулар аймактарда чоң-чоң клиникаларды ачуу сунушун бергенин да кабарлады.

-Кышында балдарын ооруканага алып келсе кезекке тургандардын саны көп болуп, аны тартипке келтире аласызбы деп сурашты. Региондордо  чоң клиникаларды ачпай жатабыз. Негизи Ош менен Бишкекте эле бар. Алыс жакта жашаган эл шаарга келүүсүнө эле көп каражат кетет. 50 сомдук маалыматкат үчүн Бишкеке 100 сом коротуп келерин билдиришти. Жазгы айдап-себүү убагы да келе жатат. Ошого мамлекет тарабынан атайын программа сунуштоону өтүнүштү. 

Ал эми эл өкүлү Жылдыз Мусабекова болсо борбор калаадагы жаңы конуштун жашоочулары менен Нарын облусунун элинен кабар алган. Мусабекова аталган облуста азыркы убактагы эң эле көйгөйлүү маселелердин бири — бул электр энергиясына болгон тарифтер экенин айтып, киловатт-саатына 70 тыйындан кетип жаткан лимитти бир миңден эки миңге көтөрүүнү сунушташканын билдирди.

-Нарындын кышы катаал. Тургундарына 1000 кВт электр энергия жеңилдетилген түрдө берилген. Бирок көлөм миңден ашса эки сомдон төлөй башташат. Нарында суук 6 айга созулгандыктан катуу суукта 1000 кВтты үч күндө эле жагып коюшат.  Көлөмдү 2000 кВт чейин көтөрүүнү көптөн бери көтөрүп жатабыз. Дайыма эле өкмөттүн карайбыз деген «коендой окшош» жоопторун угам. Ошондуктан электр энергияга карата тарифти кайра карап чыгуу керек.

Мындан тышкары, депутат Алмазбек Эргешов Аксы районунун элинен кабар калса,  Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Өзгөн районунда жергиликтүү калк менен жолугушту. Дагы бир эл өкүлү Бактыбек Райымкулов Чүй облусун кыдырып, дыйкандардын көйгөйлөрүн укту.

Эске салсак, парламент депутаттары бул жумадан тарта кайрадан ишин баштады.

Copyright © 2017 Maral FM