Биз менен байланышыңыз

Орус биатлончунун жеңиши чуу жаратты

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Янв 2019 | 521 | 0

Биатлон боюнча Орусиянын курама командасынын оюнчусу Александр Логинов  Дүйнө Кубогунун Германиянын Оберхоф шаарында өтүп жаткан этабында жеңишке жетишти. Бирок бул жеңиш кээ бир спортчулардын кыжырын келтирди. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышууда.

Франциялык биатлончу, дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Мартен Фуркад Логиновдун жеңишин уят деп баалады. Анын пикиринде эки жыл мурда допинг(кызытуучу химиялык зат) колдонууга айыпталып, спорттон эки жылга четтетилген орус спортчусу башкалардан бул үчүн кечирим сурашы керек болчу. Ал болсо эч нерсе болбогондой үндөбөй койду.

Ал эми олимпиаданын жети жолку жеңүүчүсү норвегиялык Уле-Айнер Бьорендален германиялык телеканалдардын биринде Фуркаддын бул кылыгын колдобой турганын, Логиновдун жазасын өтөгөн соң спортко кайра кайтканын сыйлоо керектигин билдирди.

Логинов өзү Фуркад менен жекече суйлөшүп аларын айтып, комментарий берген жок.

Эске салсак, соңку жылдары Орусиянын ондогон спортчуларын допинг колдонду деген кине менен эл аралык биринчиликтерге катышуу укугунан ажыратышкан. Арасында белгилүү биатлончулар да бар. Дүйнө кубогу башталганда төрт биатлончуга ушундай шек менен текшерүү жүргүзүлүп, алар таза чыгышкан. Орус тарап муну аларга каршы саясаттын бир бөлүгү катары баалоодо.

Copyright © 2017 Maral FM