Биз менен байланышыңыз

Азия Кубогу: Кыргыз курамасы экинчи жолу жеңилүү ызасын тартты

Кыска кабар | 12 Янв 2019 | 618 | 0

Азия Кубогунун алкагында экинчи турда Түштүк Корея курамасы менен беттешкен Кыргызстандын «ак шумкарлары» 0:1 эсебинде утулуп калышты.

Оюндун биринчи бөлүгү кореялыктардын устөмдүгүндө өткөнү менен дарбазачы дебютант Кутман Кабырбековдун бекем коргоосун жарып өтө алышкан жок. Бир нече жолку голдук абалдарды куткарган дарбазачы 41-мүнөттөгү бурчтан тебилген топту өткөрүп жиберип, эсепти кореялыктар ачышты.

Ал эми экинчи бөлүктө кыргыз футболчуларынын бир нече голдук мүмкүнчүлүктөрү жаралды, бирок эсепти теңей алышкан жок. Ал эми эки жолку кореялыктардын кол менен ойноосун оюн калысы байкабай, пеналти мүмкүнчүлүгү да колдон кетти.

Ошентип оюн 1:0 эсебинде Түштүк Кореянын пайдасына чечилди.

Эске салсак, Азия Кубогу Бириккен Араб Эмираттарында өтүүдө. Ага 24 курама катышып жатат. Кыргызстандын курамасы биринчи жолу катышуу укугуна ээ болууда. 3-турда биздин футболчулар Филлипин курамасы менен беттешет. Эгер беттеште утуп чыкса кыргыз курамасынын плей-оффко өтүү мүмкүнчүлүгү жаралат.

Copyright © 2017 Maral FM