7-январда Кытайга каршы өткөн митингге чогулгандар 17-январда кайрадан чыгышарын билдиришкен. Жазга жакын башталган ар кандай толкундардын чыгышына ким болушу мүмкүн экендигине кызыктык. Айрымдар белгилешкендей, мында ички жана тышкы күчтөрдүн таасири болушу мүмкүн. Социалдык тармактарда талкууланып жаткан экс-президенттин тарапташтарынын колу болушу мүмкүнбү? Cерепчилердин пикирин уктук.
сүрөт интернеттен алынды
Жакында эл Кытай саясатына жана айып пулдарга каршылыгын билдирип Ала-Тоо аянтына 200дөй киши чогулган. Ар тараптуу талаптарын койгон эл 17-январда да чогуларын билдиршкен. Ал арада бул митингдин саясий кызыкчылыгы болушу мүмкүн деп болжогондор да бар. Айрым интернет колдонуучулар Айкөл Ала-Тоо коомдук уюмунун төрагасы Мээрбек Мискенбаев жана КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинаны да ошол учурда жүргөнүн айтып, уюштурууга катыштыгы бар деп жазгандар болду. Буга байланыштуу Мээрбек Мискенбаевге байланышканыбызда ал жерде өздөрүнүн кеңсеси жайгашкан жер болгондуктан, сүрөттөргө кошулуп калганын билдирди.
—Бул бийлик бир нерсе болсо эле Мискенбаевге шылтоолоп калды. Ошол жердеги элдин талаптарын угуп, чара көргөндүн ордуна күнөөлүүнү издеп элдин кыжырына тийип жатышат. Бул жерде менин эч кандай тиешем жок. Ал жерде болгону кеңсебиз жайгашкандыктан кирип чыкканда көрүнүп калганмын. Мени жөн жерден каралап салбасын деп алыс эле карап турганмын. Биз уюштурган жокпуз. 17-январда дагы эч кимди чогултпайбыз. Эгерде митингге чыга турган болсок дагы жашыруун эмес, ачык эле чыгабыз.
Мискенбаев митингчилер арасында жүргөн деп жазгандар Жогорку кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын да ошол деп жазышкан. Депутаттын өзүнө чалганыбызда:
-Ала-Тоо аянтында сейилдөөгө болбойбу? Эмне уруксат эмеспи? Мени ким күнөөлөп, күмөн санап жазса ошол кишилерден тактап алгыла. Мен мындайларга жооп бербейм,-деди.
Кытайларга каршы чыккан митингде ички күчтөрдүн таасири бар экенин билерин президент Сооронбай Жээнбеков дагы айткан.
—Муну атайы саясатташтырып, мамилени бузганга ички күчтөрдүн кылган аракети. Мен билем. Алар максатына жетем деп ойлобосун. Баарын жоопко тартабыз. Мамлекетте мыйзам иштейт. Биздин корко турган эч нерсебиз жок.
Деген менен, элдин нааразычылык акцияларынын артында бирөө турат деп айтууга азырынча эрте экенин айткан серепчилер да бар. Саясат талдоочу Марс Сариев азыр кайсы бир күчтүн таасири болбосо да, жазда мындай көрүнүштөрдөн пайдаланууга кызыктар тараптар бар экенин айтты.
—Азыр ким артында тургандыгын айтуу кыйын. Бирок жазга даярдык деп айтса болот. Анткени көтөрүлгөн темалар элге жакын, партиоттук сезимди козгоп, элди көтөрөт. Ошондон пайдаланып кеткен топтор да болушу мүмкүн. Азыркы бийликке каршы саясатчылар мындай учурда толугу менен пайдаланышы ыктымал.
Бирок саясатчы Азимбек Бекназаров мында ички, тышкы күчтүн таасирин издебей эле кою керектигин айтат. Анткени бул дүйнөдө болуп жаткан көрүнүш.
-Бул дүйнөлүк саясат болуп жатат. Башка өлкөлөрдө да көтөрүлүп жаткан маселе. Биз мурдубуздун учундагыны гана көрүп жатабыз. Кыргызстанда болуп жаткан митингдер дүйнөлүк саясатта болуп жаткан көрүнүштөрдүн бир учкуну гана. Ошондуктан, бул жерде күнөөлүүнү издебей, жакшы көңүл бурулуш абзел.
Эске салсак, 7-январда Ала-Тоо аянтында 200гө чукул киши чогулуп Кытай саясатына жана айып пулдардын көтөрүлүшүнө каршы чыгып талаптарды коюшкан. Айрым серепчилер бул чындыгында элдин нааразычылыгы катары бааласа, айрымдар бул митингдин артында бирөө турат деп болжошкон.