Биз менен байланышыңыз

Үч саясатчы Атамбаевди кайрадан сотко беришти

Кыска кабар | 11 Янв 2019 | 694 | 0
Буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту үч саясатчынын доо-арызын мыйзамга ылайык жазылбаганы үчүн артка кайтарган. Алар кемчиликтерин толуктап, бүгүн кайрадан сотко жиберишти.

Келдибеков, Бекназаров жана Дүйшөбаевдер Атамбаев аталган телеканалга берген интервьюсунда алардын беделине шек келтирип, моралдык зыянга учуратканы үчүн жалпысынан 18 миллион сомдук компенсация талап кылышууда.

Эске салсак, Ахматбек Келдибеков дагы үч ЖМК-«Kyrgyztoday», «Азия ньюс», «Аргумент.kg» менен соттошуп жатканы маалым.

Ал эми «Апрель» телеканалынын директору Ложников үч саясатчы менен соттошууга даяр экенин, аталган маекте фактты бурмалоо же ушак-айың болбогонун билдирүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM