Биз менен байланышыңыз

Си Цзиньпин: Тайвандын эгемендиги апаат алып келет

Кытайдын президенти Си Цзиньпин Тайвандын Кытайдан бөлүнүүсү чоң балакетке алып келерин эскертти. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

Пекинде өткөн бир жыйналышта сөз сүйлөгөн өлкө башчы Тайвань «Бирдиктүү Кытай» принцибинин негизинде Кытайга кошулуусу керек.

«Бөлүнүүнү каалагандар, унутпасын, Тайвандын эгемендиги алар үчүн чоң балээ алып келет. Бул үчүн күч колдонбойбуз деп сөз бербейбиз. Керек болгон бардык кадамдарга барууга даярбыз»,-деп эскертти.

Расмий Пекин канчалык Тайванды өзүнүн автономиясы катары көргөн менен көпчүлүк тайвандыктар өзүн эгемен, демократиялык өлкө деп эсептейт.

Кошумчалай кетсек, 1949-жылдагы Кытай согушунда Улутчулдар партиясы коммунисттерге жеңилип, өзүнчө арал болгон Тайванга качышкан. Арал соода-экономикалык жактан Кытай менен тыгыз байланышта болгонуна карабай, саясатта өз алдынча иш алып барат.

Copyright © 2017 Maral FM