Биз менен байланышыңыз

Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 29 Дек 2018 | 729 | 0

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын кароо 2019-жылдын 13-февралына чейин узартылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирген.

Анын айтымында мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды. Жактоочулар бул чечим тууралуу жогорку инстанцияга арызданууну пландап жатышат.

Эске салсак, Сапар Исаков Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык ишке шектелип кармалган. Өзүнө тагылган айыпты четке каккан экс-премьер-министр 18-декабрдагы соттук отурумда  саясий куугунтуктун курмандыгы болгонун айткан.

Copyright © 2017 Maral FM