Биз менен байланышыңыз

Изилдөө: Алкоголдун аз өлчөмү да кооптуу

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Дек 2018 | 2085 | 0

2018-жылдын эң резонанс жараткан илимий изилдөөлөрүнүн бири алкоголодук ичимдикке байланыштуу болду. Спирттик ичимдиктерди колдонуу организмдеги ар түрдүү оорулардын ойгонуп, күчөшүнө жана картаюусуна алып келет. Мындай тыянакты АКШнын Ден соолуктун абалын баалоо институтунун окмуштуулары жарыялашты. Алар алкоголду кез-кезде гана колдонуу да эрте өлүмдүн ыктымалдыгын арттырып, «аны анча-мынча колдонуп туруу пайдалуу» деген пикир адамдарды жаңылтарын бышыкташты.

Арак уулаган жандар

Алкоголдун кесепетин аныктоо долбооруна 243 илимий мекемеден 512 окмуштуу катышкан. Иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарган документ белдүү медициналык журнал Lancetке жарыяланды. Алар 1990-2016 жылдар аралыгында 195 мамлекетте жүргүзулгөн алкоголдун ден соолукка тийгизген таасири тууралуу миңдеген изилдөөлөрдү карап чыккан соң бирдей жыйынтыкка келишти: алкоголдун азы да, сейрек колдонулуусу да ден соолукка кооптуу. Анын айынан пайда болгон оорулардан улам жылына 2,8 миллион киши өлөт. Бул көрсөткүч 90-жылдары 2 миллион болчу.

15-49 жаш курагындагы адамдардын басымдуу бөлүгүндө пайда болгон оорулардын бирден-бир себеби алкоголдук ичимдик болуп эсептелет. Ал адамды эрте өлүмгө алып келүүчү факторлор кан басымынын күчөшү, тамеки, кандагы сахардын көптүгү, семирүү жана абанын булгануусунан кийинки эле орунда турат.

Ичкиликтин азы да, сейреги да кооптуу

Окмуштуулар «Күнүнө бир чөйчөк кызыл вино жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат» деген пикирди жокко чыгарышты.

«Алкоголдук ичимдиктин эч бир өлчөмү ден соолук үчун пайда алып келбесин өзгөчө белгилегибиз келет. Адамдар күнүнө бир-эки чөйчөк арак пайда берет деген ойдон арылышы зарыл. Пайдалуу болгон нерсени издешсе, ал-такыр ичпей коюу«,-дейт изилдөө тобунун мүчөсү Эммануела Гакиду.

Анын айтымында 10 грамм гана өлчөмүндөгү алкоголду туруктуу колдонгондордо ичпегендерге салыштырмалуу оорунун козголуусу 0,5%га ашыкча. Бул бир караганда анча көп эмес айырма болгону менен жер шаарындагы адамдардын санын  эске алсак аябай коркунучтуу картина пайда болот.

«Глобалдык деңгээлде алганда, бул 0,5 пайыздык айырма жылына 100 миң кишинин ажалынан мурда өлүмүнө алып келүүдө. Башкача айтканда күнүнө 10 граммга чейин алкогол колдонгондордон жүз миң киши жылына жарык менен кош айтышат»,-деп кошумчалады Гакиду.

«Ичкич» өлкөлөр

Ал арада америкалык диетологдор дүйнөнүн эң көп ичкен өлкөлөрүнүн тизмесин да жарыялаганга үлгүруштү. Ага ылайык алкоголдук ичимдикти эң көп ичүүчү Дания, Аргентина, Норвегия, Германия жана Польшанын жарандары экени белгилүү болду. Ал эми көп ичкич катары таанылган Орусияда акыркы кездери ичимдикке талап азайып баратканы байкалган.

Өлкөлөрдөгү алкоголду колдонуунун өзгөчөлүгүнө алардын маданияты жана менталитети да таасир этерин белгилешкен. Кээ бир элдер жеңил спирттик ичимдиктерди колдонсо, башкалары курч түрүн тандайт. Бирок кайсы түрүн колдонсо да, анын бары өлүмчүл таасирге ээ экени бышык.

Француз парадоксу

Окмуштуулар «Француз парадоксу» деп аталган «Ченемдүү өлчөмдөгү алкогол ден соолукка пайдалуу» деген пикирге өзгөчө басым жасашкан. Бул гипотеза 90-жылдары  жүрөк-кан тамыр ооруларына эң аз чалдыккандар-француздар экендиги тууралуу маалыматтан кийин пайда болуп, алар буга салттуу кызыл винону колдонгону себеп болууда деп ойлошкон.

Бирок окмуштуулардын жаңы изилдөөлөрү мунун тантырак кеп экенин, кызыл винонун пайдасына караганда зыяны көптүгүн тастыкташты. Алардын билдиришинче спирт ичимдиги рак ооруларына, тубекулез, боор оорусу жана инсультка дуушар кылат.

Бул изилдөө тууралуу макала чыгарган The Washington Post гезити өз алдынча иликтөө жүргүзүп, мындайча тыянагын жазган:

«Такыр спирт ичимдигин ичпегендер ченемдүү ичкендерге караганда ден соолугу чың жана кыймылдуу келишет. Ошондой эле алар ичкендерге салыштырмалуу ишинде ийгиликтүү жана кирешелүү болушат».

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM