Биз менен байланышыңыз

Изилдөө: Эрте тургандар уйкучуларга караганда акылдуу болушат

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 1062 | 0

Эрте жатып, эрте тургандар кеч жатып, кеч тургандарга караганда акылдуу болушат. Алар күн бою иштерин жакшы көөмөлдөп, тапкычтыгы жана эпчилдиги артат. Мындай тыянакты Англиядагы Эксетер университети менен Массачусетс башкы ооруканасынын орток изилдөөсүнөн кийин жарыялашты.

Dayli Telegraph басылмасына жарыяланган макалада аталган изилдөөдө 85 760 киши байкоого алынганы айтылат. Натыйжада эрте туруу менен акыл-эс саламаттыгы эриш-аркак жүргөнү аныкталган.

Бирок адамдын гени дагы  анын уйкусунун сапатына же узактыгына эмес, дал ушул уктоо убактысын тандоого таасир этери аныкталган.

Изилдөө тобун жетектеген Эксетер университетинен Майк Видон:

«Бул изилдөө кеч жатып, кеч ойгонгон «үкү» адамдардын акыл-эсинде ар кандай көйгөйлөрдүн пайда болорун тастыктообуз үчүн күчтүү далилдерди сунду. Бирок уйку сааты менен акылдын ортосундагы мындай көз карандылыкты тереңдеп билүүбүз үчүн дагы иштешибиз керек»,-деди.

Кошумчаласак, уйку саатынын тууралыгына адамдын кесиби, тамактануу адаттары жана электр жарыгында узакка калуусу да таасир этет.

Copyright © 2017 Maral FM