Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 353 адам дарыланууда

Кыска кабар | 16 мая 2020 | 556 | 0

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 353 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Коронавирус жуктурган 6 адамдын абалы оор, анын ичинен төртөө реанимацияда жатат. 66 бейтаптын абалы орточо оор, 248 бейтаптын абалы канааттандырарлык, — деди Үсөнбаев.

Акыркы сутка ичинде 3 334  изилдөө жүргүзүлгөн. COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 5 228 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).
Учурда Кыргызстан боюнча 2 146 адам обсервацияда жатат.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1117 адамга жетти. Анын ичинен 783 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM