Биз менен байланышыңыз

NASAнын спутниги Марска ийгиликтүү конду

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 840 | 0

Америкалык космикалык компания NASAнын InSight спутниги Марска 27-ноябрга караган түнү ийгиликтүү конду. Бул Марска NASAнын 8-жолу конуусу болуп саналат. Көпчүлүк аракеттер максатына жетпей, кызыл планетага конбой калышкан. Бул жолу Insight планетанын ички кыртышын жана геологиялык түзүлүшүн изилдөө үчун учурулган.

InSight  Марстын тоолуу Элизий районуна конуп, ал жерден  алгачкы сүрөттөрдү жиберди. Байкоочулар тобу аппаратта эч кандай бузулуу же жабыркоо жок экенин билдиришти.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс өзүнүн Твиттер баракчасынан куттуктоосун жарыялады. Анда ал бул ийгиликти өтө мыкты, Американын сыймыктуу кадамы деп эскерди.

Аталган аппарат эң акыркы технология менен жабдылып, изилдөө ишине керектүү бардык мүмкүнчүлуктөрү жуктөлгөн.

Эске салсак америкалык NASA уюму бул аппаратты ушул жылдын май айында коё берген. Ал кадимки октун ылдамдыгынан жети эсе катуу ылдамдыкта жүрүп, көздөгөн жерине бүгүн түнкү саат 2:00 чамасында гана конду.

Copyright © 2017 Maral FM