Биз менен байланышыңыз

NASA: Озон тешиги рекорддук түрдө кичирейди

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Окт 2019 | 919 | 0

1980-жылы табылган Түштүк уюлдун үстүндөгү озон тешиги максималдуу түрдө кичирейген. Бул тууралуу NASA кабарлады. Мындай рекорддук кичирейүү 37 жылдан бери биринчи жолу байкалган.

Аэрокосмостук агенттиктин маалыматына ылайык, учурда озон катмарындагы тешиктин орточо көлөмү 9,3 млн. чарчы метрди түзүүдө, адатта ал сентябрдын аягында – октябрдын башында 20,7 млн. чарчы метрге чейин чоңоюп турчу. Тешик жыл сайын сентябрь-октябрь айларында максималдык өлчөмгө жетип, кийинки жылга чейин декабрдын соңунда жоголуп кетет.

– Бул жакшы жаңылык. Демек, жер шары озондун калың катмары менен капталып, ультрафиолеттик нурлануунун деңгээли азаюуда, – дейт окумуштуу Пол Ньюман.

Стратосферадагы озон тери рагын, катаракт ооруларын пайда кылуучу, иммундук системаларды начарлатып, өсүмдүктөргө зыян алып келүүчү күндүн ультрафиолет нурларын жутуп алат.

Окумуштуулар озон тешигинин кичирейишине уулуу заттардын абага тарашын азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар эмес, климаттын өзгөрүшү себеп болуп жатканын белгилешүүдө. Ньюмандын айтымында, быйыл атмосферанын үстүндөгү орточо температура 29 градуска жогору болгон.

1987-жылы иштелип чыккан Монреаль эл аралык протоколуна ылайык, көптөгөн хлор кошулмаларын, маселен, муздаткычтарда колдонулуучу айрым аэрозолдорду, чач үчүн лактарды өндүрүүгө тыюу салынган. Натыйжада озон тешиги акырындык менен кичирейе баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM