Биз менен байланышыңыз

NASA жакынкы 10 жылда Айга аял космонавт жиберет

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2021 | 569 | 0

АКШнын Улуттук аэронавтика жана космос башкармалыгы (NASA) жакынкы 10 жыл ичинде Айга аял астронавт жиберүүнү пландап жатат. Бул тууралуу «CBS News» билдирди.

NASAнын космоско учуу боюнча директору Чарли Блэквелл-Томпсон билдиргендей, пландалып жаткан «Артемида» программасынын экипаж мүчөлөрү тогуз эркек жана тогуз аялдан турат.

Жердин спутнигин изилдөө ар кандай баалуу билимди жана көптөгөн илимий ачылыштарды берерин айтат Чарли Томпсон.

«CBS News» телеканалы «Артемида» программасын ишке ашыруу учурда ашыкча чыгымга байланыштуу кечеңдеп жатканын маалымдады.

Буга чейин NASA Айдын Күнгө жакын бетинде суу бар экени далилденгенин, бирок изилдөөчүлөр табылган суунун концентрациясы өтө төмөн деп баалашканын жарыялаган.

Ачылыш NASA менен Германиянын биргелешкен долбоору Стратосфералык инфракызыл астрономия (СОФИЯ) обсерваториясында жүргүзүлгөн изилдөө учурунда аныкталды. Обсерватория телескопту жерден 13 миң метр бийиктикке көтөргөн «Боинг-737» учагында иштейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM