Биз менен байланышыңыз

Климаттык өзгөрүүлөрдү билим берүү тармагына киргизүү боюнча иш чара өттү

Коом , Кыска кабар | 24 Апр 2021 | 1109 | 0

Кыргызстандын Климатты каржылоо борбору Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы менен биргеликте климаттык маселелерди билим берүү тармагына киргизүү боюнча иш чара өткөрдү. Ага Президенттик Аппараттан, Экономика жана каржы министрлигинен, Билим берүү жана илим министрлигинен, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнөн тиешелүү өкүлдөр катышты.

Кыргызстандын Климатты каржылоо борборунун коммуникация боюнча адиси Чынара Рыскулбекова иш чаранын негизги максаты тууралуу төмөнлөргө токтолду:

«Былтыр стратегиялык документ иштеп чыгуудан мурда, базалык изилдөө жүргүзгөнбүз. Болгон саясаттар, демилгелер, программаларды, климаттык өзгөрүү боюнча билим берүү тармагындагы программаларды анализдеп чыкканбыз.  Мамлекеттик органдардын, жогорку окуу жайлардын жана жарандык уюмдардын арасында сурамжылоо жүргүзүп, алар үчүн климаттык маселелер канчалык пираритеттүү экендигин аныктаганбыз. Ошол баалоонун жыйынтыктарынын негизинде иш чаралардын комплекстүү пландарын иштеп чыктык. Анын ичинде орто мектептерге климаттык маселелерди мамлекеттик билим берүү стандартына киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп баштады.»

Жыйынга катышкан Экономика жана каржы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев мамлекеттик стратегия, долбоорлорду даярдоодо климаттык өзгөрүүлөрдү экономикага тийгизген таасирин баалоо боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдады.

Ошол эле учурда 2016-жылы климаттын өзгөрүүсү боюнча Париж конвенциясына кол коюлган макулдашуу боюнча милдеттенмелер аткарылып жатканын белгиледи.

Мындан сырткары Иманалиев Жылдан жылга туруктуу жашыл экономика принцибине болгон кызыгуулар жогорулап бара жатканын, жашыл экономика, жөнөкөй экономикага салыштырмалуу бир нече артыкчылыктарга ээ экендигин кошумчалады.

Жашыл экономикага коомчулукту көбүрөөк кызыктыруу, университеттерди тартуу, мектертерге жаңы окуу програмалыарын киргизүү максатында иштер жүргүзүлүп жаткандыгы боюнча Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова төмөнкүлөгө токтолду:

«Билим берүү жана илим министрлиги өнөктөштөр менен биргеликте коюлган негизги максатка жетүү боюнча иш алып барып жатат. Экономикалык жана социалдык жактан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча 17 максат коюлган. Өлкөдө жаралган экологиялык маселелерди Билим министрлиги окуучуларга билим берүү системасы аркылуу комплекстүү чечүү аракеттерин көрүп жатат. Өлкөнүн өнүгүү программасында экологиялык билим берүү пироритеттүү тармак болуп саналат.»

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын климаттык каржылоо борборунун негизги максаты – климаттык  фонддордун жана эл аралык уюмдардын каржы ресурстарын тартуу, климатка ыңгайлашуу боюнча  инвестициялык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу, ошондой эле климаттык өзгөрүү боюнча бардык кызыкдар тараптардын ишмердүүлүгүн координациялоо болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM