Биз менен байланышыңыз

Үмүттү актаган жок. БУУнун климаттын өзгөрүүсүн талкуулаган жыйыны сынга калды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 565 | 0

Мадридде өткөн БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча 25-жолку конференциясы көпчүлүктүн көңүлүнө жаккан жок. Самиттин жыйынтыгы айрыкча, Европа Биримдиги, ошондой эле табият коргоочуларынын сынына кабылды.

Еврокомиссия быйылкы самиттин жыйынтыгы көңүл калтырганын айтты. Ошондой эле, кийинки жылда өтүүчү форумда күнөсканалардан чыккан зыяндуу газдарды кыскартуу стратегиясы кабыл алынат деген үмүтүн билдирген.

Конференциянын төрагасы Каролина Шмидт да жыйынтыктоочу сөзүндө «бүт дүйнө үмүт кылып, күтүп турганда, климаттык кризистен алып чыга турган ири чечимдердин болбогону өкүндүрөөрүн» айтты.

Эки жүздөй өлкөдөн келген өкүлдөр климаттык өзгөрүүлөргө жана зыяндуу газдарга каршы аракеттерди колдонуу чараларын карашты. Саммитке келгендердин арасында жолугушуунун жыйынтыгы жакшы болгонун айткандар да жок эмес. Алардын бири Норвегиянын Айлана-чөйрөнү коргоо министри Ула Эльвестуэн болду.

Copyright © 2017 Maral FM