Биз менен байланышыңыз

Американы аяз каптады: абанын табы -53

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 1255 | 0

АКШнын бир катар түндүк штаттары менен бирге борбордук бөлүгү өзгөчө аязда калды. Мичиган, Иллинойс, Алабама жана Миссисипи сыяктуу аймактарда абанын табы кескин түшүп, метеорологдор -53 градуска чейин төмөндөрүн эскертишүүдө. Чикагодо болсо абанын азыркы табы Антарктидадан да суук.

Буга байланыштуу көпчүлүк штаттарда өзгөчө кырдаал киргизилди.

Президент Дональд Трамп адатынча Твиттерден: «Глобалдык жылуулукту кудай урду, эмне балекет болууда, ыя? Батырак кайт, бизге абдан зарыл болуп турасың»,-деп чымчып өттү. Ал Европадагы кесиптештерине каршы глобалдык жылуулук деген апаат жок экенине ишендирип келет. Бул себептен Париж келишиминен да чыгып кеткен.

Адистер Американы каптаган мындай суукту планетанын түштугүндө абанын табы бат ысып, суукту жогору-тундүккө карай айдоосу менен тушүндүрушөт. Натыйжада түндүк тарапта ммуздак абанын айлампасы пайда болуп, суук шамалды үйлөйт.

Кошумчалай кетсек, эгер Түндүк уюл тараптагы муздак абанын айлампасы атмосфералык туруктуулуктун бузулуусунан улам туштүккө карай айдаса глобалдык жылуулук тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан көпчүлүк илимпоздор «глобалдык жылуулук» деген терминди колдонушпай, «глобалдык климаттык өзгөрүү» түшүнүгүнө гана басым жасашат.

Copyright © 2017 Maral FM