Биз менен байланышыңыз

Уктабай калган ар бир саат аң-сезимди 1%га төмөндөтөт

Блог | 3 Фев 2021 | 2999 | 0

Тынч уктап, түнүн бейпил өткөргөн адамдын ден соолугу да жакшы, жашоосу да сергек болот. А сиз убагында уктап, убагында турасызбы?

Эртең менен уйкусу канбай туруп кеткен адам эс-мас абалда күн өткөрөт. Мындай убакта кан тамыр жай согуп, ички органдар да жакшы иштебей, тамакка болгон табит жоголот. Уйку канбаса, калың кийинип алуу да таасир бербей, адам чыйрыга берет. Уйкусуздук менен жабыркагандарга оору бат жугуп, сакаюу кыйынга турат, организм алсыз болот. Аз уктаган адам акыл калчоо жагынан да аксайт.

Изилдөө: Эрте тургандар уйкучуларга караганда акылдуу болушат

Канадалык профессор Стенли Ковендин айтуусу боюнча, уктабай калган ар бир саат аң-сезимди 1%га төмөндөтөт. Анын жүргүзгөн тажрыйбасында суткасына 3 саатка кем уктагандардын акыл көрөңгөсү 15%га төмөндөгөнүн көрсөткөн.

Уйкуну келтирбей кармап туруу үчүн эмне кылсак болот?

Сагыз же кургатылган жер-жемиш чайнаганда, жаак иштеп, уйкуну качырууга жардам берет.

Кофе менен чайды уйкусуздук үчүн колдонууда абайлаңыз, өтө көп ичүү жүрөктүн согушун тездетип, артериалдык кан басымды көтөрүп жиберет. Муздак аба, муздак сууга чайынуу денеңизди сергитет, уйкуңузду умачтай ачат. Бул жаатта бирөөлөр менен көзмө-көз сүйлөшүү, үн чыгарып ырдоо да жакшы жардам берет. Эгер кофени жакшы көрбөсөңүз, анда жашыл алма жеп коюңуз.

Уйкуга эмнелер тоскоолдук жаратат?

Кофе, кызыл чай, кока-кола уйкуну бузат. Жакшы уйку үчүн жалбыз, валериана чөптөрүнөн демделген чай же бир стакан жылуу сүт ичиңиз.

Жатар алдында тамеки чегүү, алкоголь ичимдиктерин ичүү тынч уйкуну жоготот. Күчтүү тамак ичип алганда да, организм тамак сиңирүү менен алектенип, уйкуга, эс алууга күчү жетпей калат.

Жумшак төшөк, чоң жаздык денени жакшы эс алдырбайт, тынч уктоого тоскоол болот.

Бөлмөдөгү иш столу, компьютер да уктоого терс таасирин тийгизет.

Баш жагыңызда турган сааттын «бетин» тескери буруп коюу оң натыйжа берет.

Бир канча убакыт уктабаган адам, уйкусуздуктан дайыма жапа чегип жүргөн адам жөнү жок ачууланып, сөз көтөрө албай, нерви чыңалып жүрөт.

1896-жылы Американын доктурлары нерви жайында, ден соолугу чың адамдарга тажрыйба жүргүзүп, аларды 90 сааттык түнкү эс алуудан ажыратышкан. Натыйжада, 2-3 күн уйкудан калгандар сергек ойлонуудан, көңүл буруудан, маалымат кабыл алуудан калып, жашоого болгон сезимталдыгын, кубанычын жоготушкан. 5 күн уктабагандар өөрүп-дөөрүп, ойду-тоону сүйлөп калышкандан улам доктурлар тажрыйбаны андан ары улантуудан чочулашып, дароо токтотушкан.

Чөп жаздык — уйку үчүн пайдалуу

Чай чөп демдегенден эринсеңиз же шартыңыз болбосо, жыты жыпар чөптөн жаздык даярдап алсаңыз болот. Мунун ден соолукка таптакыр зыяны жок жана жагымдуу ырахат тартуулайт.

Арча, ромашка, карагай тобурчактарын майдалап, жука чүпүрөк баштыкка салып, баш жагыңызга коюңуз да, жыттап жата бериңиз. Же болбосо жаздыктын өзүн чөпкө толтуруп алсаңыз да болот. Жогорудагы чөптөрдүн баары эфир майын камтып, жыттаган сайын организмди эс алдырып, тынч уйкуга чакырат.

Уйкуңуз келбесе ары-бери оодарылып кыйналгандан көрө, китеп, гезит, журнал окуңуз.

Маанайыңыз жок, жаман ойлор келген убакта да уйку качат, ошон үчүн жакшы ойлорго жетеленип, кыялданыңыз. Мисалы көлдүн жээгинде жатканды же жамгыр жаап, мээлүүн шамал согуп турганын элестетиңиз.

Жумуштан чарчап кайтканда эмне кылабыз?

Кээ бир адамдар иштен чарчап кайтканда бир аз эс алып же уктап алып, анан үй тиричилигине киришүнү жакшы көрөт. Бирок мындай уйку денени жанчып, алсыратып коёт жана түнкү уйку бузулат. Жумуштан келген соң, дароо бөлмөнү желдетип, кийим которуңуз. Колуңуз менен денени бошотуучу көнүгүүлөрдү жасап, керилиңиз. Анан чалкаңыздан жатып, булчуңдарыңызды бошотуңуз да, көздөрүңүздү жумуп, бир калыпта кыска-кыска дем алыңыз. Дем алуу кыймылынын ритмикасы жөн эле саноо жолу менен жүргүзүлөт. Мисалы, дем алуу — бир, эки; дем чыгаруу — бир, эки, үч. Ушундай дем алуунун натыйжасында 5-10 мүнөт өткөндөн кийин, нерв системасында токтолуу жүрүп, адам өзүн уйкулуу абалда сезет. Анан жүрөк кан тамыр, дем алуу, тамак сиңирүү органдарынын активдүүлүгү басаңдап, вегетатив борборлорунда токтолуу процессинин башталгандыгы байкалат. Бул процедура 20-30 мүнөткө созулат. Ушундан кийин таза абага бир аз чыгып, анан үй тиричилигине кирише берсеңиз болот. Мындай дем алуудан кийин адамдарга байкоо жүргүзгөндө, бардыгы өзүн жакшы сезип, сергек тартып, эмгекке жөндөмү жогоруларын айтышкан.

Уйку качканда эмне кылуу керек?

Жумуштан үйгө келдиңиз дейли, бүгүн бир жакшы уктап алгыңыз келет, ал эми канча аракеттенсеңиз да уйку жок. Бир саат жатасыз, эки саат, үч саат, анан туруп, айла жок уйкунун дарысын ичесиз. Мындай ыкма уйкуну чакырат, бирок эртең менен баш көтөрүлбөй, денеңиз жанчылып, салмактанып калат. Ушундай абал кайталана берсе, ден соолукка олуттуу коркунуч жаратат. Балким бул абал көп убакта жөнөкөй бир гигиеналык эрежени бузгандан улам болушу да мүмкүн. Маселен, уктоочу бөлмө үп болсо же жамынып жаткан жууркан өтө жылуу болсо да уйку качат. Болбосо жатарда кофе же кара чай ичсе да, ушундай абалга алып келет.

Ошон үчүн уктаарда ушул өңдүү уйкуга зыяны тийүүчү тамак-аштан алыс болуп, колдон келсе күчтүү тамак жебей, жатардан мурда бөлмөнү желдетип алуу керек, чай же кофенин ордуна жылуу сүт, ромашканын кайнатмасы же бир чай кашык бал кошулган жылуу суу ичсеңиз, уйкуну тезирээк чакырат.

Уйкунун бузулушу боюнча иликтөөлөр көбөйдү. Мунун себеби эмнеде?

Уйкусуздуктан жабыркап, дарыгерлерге кайрылгандардын саны жылдан жылга көбөйүп баратат. Мунун баарын талдап чыккан британдык саламаттыкты сактоо мекемеси, жыл сайын уйкунун бузулушун иликтөөгө алган изилдөөлөр көбөйүп жатканын белгилейт.

«Бир нече фактор бар, анын ичинде маанилүүсү — ашыкча салмак. Даттануулардын эң көбү уктап жаткан учурдагы дем алуунун бузулушу боюнча болот, ал — ашыкча салмак менен түздөн-түз байланышта. Анан бул жерде маалымат каражаттарынын да ролу бар. Уйкунун бузулушу тууралуу макалаларды окуп алгандар дароо эле дарыгерлерге кайрылып башташат эмеспи», — дейт невролог Гай Лешцинер.

Ашыкча салмактан тышкары телефон менен көп алектенүү да уйкунун бузулушуна алып келет, себеби андагы ультрофиолеттер көзгө тийип, уйкуну качырат.

Негизи эле адам баласына күндүзгү уйкуга караганда түнкү уйку жакшы таасир берет, ден соолукка да пайдалуу. Ошон үчүн түнү жакшы уктаганга аракет кылыңыз. Уйкудан калган адам организм канча талап кылса, ошончо уктоо керектигин окумуштуулар эскертет. «Уйку адамдын генетикасындагы атайын механизм болгондуктан, уктоо убактысын өзү аныктайт», — дейт Ковальзон. Ал уйкуну кандыруу үчүн эки күн керектелсе да, уктап алуу туура экенин айтат.

Даярдаган: Жазгүл Садырова

Кызгылт жумуртка жакшыбы же ак жумурткабы?

Copyright © 2017 Maral FM