Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовго карата козголгон кылмыш иштери боюнча мамлекетке 94,8 млн. сомдук көлөмдөгү зыян келтирилген. Бул тууралуу  коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын маалыматында, кылмыш иш боюнча чогултулган далилдер боюнча эки мектепти куруу үчүн бөлүнгөн 128 млн.сом көлөмдөгү гранттык каражаттар билим берүү министрлиги тарабынан дайындалгандыгы аныкталган. Алардын бири Ош облусунун Өзгөн районунун Кыргызстан айылында, экинчиси Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылында курулуусу пландалган. Бирок Кулматовдун кийлигишүүсү менен 128 млн.сомдук каражат Бишкекте мектеп курууга жумшалган. Куруу иштери жүрүү маалында республикалык бюджеттен дагы 104 млн.сом бөлүнгөн.

Белгилей кетчү нерсе, 2017-2018-жылдары билим берүү министрлиги жана курулуш агенттиги тарабынан КРнын ар түрдүү аймактарында мектептерди куруу жүргүзүлгөн. Анын ичинде эң алыскы деп эсептелген Чоң-Алай районунун аймагында мектеп курулган. Ошол мектеп, Кулматов тарабынан Бишкекте курулган мектепке окшош, бирок анын куруу иштерине 70 млн. сом корогон. Ал эми Бишкектеги мектеп 230 млн.сомго курулганын Сагынбаев кошучалады.