Connect with us

Кубанычбек Кулматовго айып салынып, камактан бошотулду

Кыска кабар | 23 Дек 2019 | 1077 | 0

Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн, 23-декабрда шаардын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту болуп, сот Кубанычбек Касымбеков төмөнкүдөй чечим чыгарды:

  • Албек Ибраимовду 15 жылга эркинен ажыратуу;
  • Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом акчалай айып салуу менен камактан чыгаруу;
  • Коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Сталбек Өмүркановго айыппул салып, эркиндикке чыгаруу;
  • «Айкөл-Строй» компаниясынын жетекчиси Сейткан Алиевге айыппул салып, камактан чыгаруу;
  • «Альта Групп» компаниясынын жетекчиси Кубат Шаршекеевге айыппул салуу менен камактан башотуу боюнча өкүм чыкты.

Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталып жаткан.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда камакка алынган.

 

Copyright © 2017 Maral FM