Биз менен байланышыңыз

Бишкектин экс-мэрлеринин соту кийинкиге жылды

Кыска кабар | 6 Сен 2019 | 587 | 0

Бишкектин Ленин райондук сотунда каралып жаткан экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовго карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум кийинкиге жылдырылды. Жактоочулар алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотуна арыз беришкен. Өткөн сот отурумунда судья алардын абакта кармоо мөөнөтүн 6-ноябрга чейин узарткан.

Бишкектин мурдагы башчылары Кубанычбек  Кулматов жана Албек Ибраимов башында турган 14 киши коррупцияга шектелүүдө. Алардын бешөө камакта.

Тергөө эки экс-мэрди курулуш иштеринин көлөмүн жана материалдардын баасын негизсиз жогорулатып, казынага 12 млн 160 миң сомдук зыян келтирген деп айыптайт.

Ал эми Албек Ибраимов «Дастан» ишканасынын каражаттарын да максатсыз короткон, муниципалдык жер тилкелерин берүүдө коррупцияга барган деп шектелүүдө.

Айыпталуучулар тагылган кинелерди мойнуна албай келишет.

Copyright © 2017 Maral FM