Биз менен байланышыңыз

Экс-мэр Кулматов сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартты

Кыска кабар | 4 Ноя 2019 | 497 | 0

Бишкектин экс-мэри, учурда камакта жаткан Кубанычбек  Кулматов сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартууда.

Бүгүн Бишкектин Ленин райондук сотунда болуп жаткан процессте ал Калыс-Ордо конушунда мектептин курулушу тууралуу эпизод боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тартты.

Кулматов аталган мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда коррупцияга барган, деп айыпталып жатат.

Экс-мэр өзү бул иш боюнча тергөө одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгилейт.

Мен өз укугумдан пайдаланып, көрсөтмө берүүдөн баш тартам. Отурумда биздин иш боюнча ойдон чыгарылган, жалган көрсөтмөлөр берилип, негизсиз каралоолор айтылып жатат. Бул жерде өзүңдүн ак экениңди далилдөөнүн деле кажети жок”, — дейт ал.

Copyright © 2017 Maral FM