Биз менен байланышыңыз

Айыпталуучу Ибраимов: Атамбаев менен иштешкениме сыймыктанам

Кыска кабар | 23 Дек 2019 | 1200 | 0

Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн, 23-декабрда шаардын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту, тараптардын жарыш сөзү улантылып жатат.

Бүгүн Албек Ибраимов жарыш сөздө сүйлөп жатып, бул ишти саясий заказ деп белгиледи.

Бул иш мен өткөн жылдын апрель айында маалымат каражаттарына маек берип, куугунтук башталганын кыйыткандан тарта эле башталган. Мен ошондо иштешкен адамдарымды сатып кетпеймин деп айтканмын, — деди Ибраимов.

Өз сөзүндө Ибраимов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди да эскерип өттү.

Мен ал киши менен иштешкениме сыймыктанганмын, сыймыктанам жана мындан ары деле сыймыктана берем, — деп Албек Ибраимов Атамбаевге болгон симпатиясын жашырган жок.

Экс-мэрге Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушунда “Дастан” ААК ТНКсынын каражаттарын ыксыз пайдаланууда жана муниципалдык жерлерди берүүдө коррупцияга аралашкан деген кине тагылган.

Мамлекеттик айыптоочулар Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратууну суранган.


Прокурор айыпталуучу экс-мэрлер Ибраимовду 20, Кулматовду 15 жылга кесүүнү өтүндү


 

Copyright © 2017 Maral FM