Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн, 23-декабрда шаардын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту, тараптардын жарыш сөзү улантылып жатат.
Бүгүн Албек Ибраимов жарыш сөздө сүйлөп жатып, бул ишти саясий заказ деп белгиледи.
— Бул иш мен өткөн жылдын апрель айында маалымат каражаттарына маек берип, куугунтук башталганын кыйыткандан тарта эле башталган. Мен ошондо иштешкен адамдарымды сатып кетпеймин деп айтканмын, — деди Ибраимов.
Өз сөзүндө Ибраимов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди да эскерип өттү.
— Мен ал киши менен иштешкениме сыймыктанганмын, сыймыктанам жана мындан ары деле сыймыктана берем, — деп Албек Ибраимов Атамбаевге болгон симпатиясын жашырган жок.
Экс-мэрге Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушунда “Дастан” ААК ТНКсынын каражаттарын ыксыз пайдаланууда жана муниципалдык жерлерди берүүдө коррупцияга аралашкан деген кине тагылган.
Мамлекеттик айыптоочулар Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратууну суранган.
Прокурор айыпталуучу экс-мэрлер Ибраимовду 20, Кулматовду 15 жылга кесүүнү өтүндү