Биз менен байланышыңыз

Прокурор айыпталуучу экс-мэрлер Ибраимовду 20, Кулматовду 15 жылга кесүүнү өтүндү

Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 2272 | 0

Бишкектин экс-мэрлеринин сотунда мамлекеттик айыптоочу экс-мэр Албек Ибраимовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратууну суранды. Ал эми экс-мэр Кубанычбек Кулматовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратууну суранды.

Бул өтүнүч Бишкектин Ленин райондук сотунда өткөн баш калаанын экс-мэрлеринин сот ишинде бүгүн айтылды.

Судья Кубанычбек Касымбековдун төрагалыгы менен өткөн сотто прокурор Марат Абсатаров катышып жатат.

Прокурор Коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Сталбек Омуркановду 15 жылга эркинен ажыратууну суранды.

“Айкөл-Курулуш” компаниясынын башчысы Сейиткан Алиевди 15 жалга кесүүнү, “Альта Групп” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Кубат Шаршекеевди үй-мүлкүн конфикациялоо менен өзүн 15 жылга кесүүнү соттон суранды.

Мындан сырткары, айыптуулардын баарынын класстык чининен ажыратууну өтүндү.

Экс-мэрлер жана башка айыпталуучуларга Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушунда, “Дастан” ААК ТНКсынын каражаттарын ыксыз пайдаланууда жана муниципалдык жерлерди берүүдө коррупцияга барган деген кине тагылды.

Copyright © 2017 Maral FM