Биз менен байланышыңыз

Экс-мэрлердин соту жабырлануучулары жок өтүүдө

Кыска кабар | 26 Июл 2019 | 534 | 0

Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун үстүнөн козголгон кылмыш иш боюнча соттук отурум уланды.

Мамлекеттик айыптоочулар иштин Албек Ибраимов жетектеген «Дастан» ишканасы эпизоду боюнча күбөлөрдү суракка алды.

Жактоочу Сергей Слесарев жабырлануучуларды алып келүүнү судьядан өтүндү. Сунуш четке кагылып, соттук териштирүү жабырлануучуларсыз уланды.

Анын жүрүшүндө күбө катары 2008-жылы «Дастанда» кеңсе башчысы болуп иштеген Силина айым суралды. Ал иш бөлмөсү башкармалыктын башчысынын кабылдамасында болгондуктан, башчыга кирген-чыккандарды көрүп жүргөн. Силинанын айтымында, Ибраимовго айрым адамдар көзөмөл-өткөрмө жайдан эч кандай каттоосу, уруксат кагазы жок эле киришчү.

Эске сала кетсек, мурдагы мэрлер Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууда, муниципалдык жерлерди берүүдө коррупцияга барган жана «Дастан» ишканасынын каражаттарын максатсыз сарптаган деп айыпталууда.

Copyright © 2017 Maral FM