Биз менен байланышыңыз

Экс-мэрлер Кулматов менен Ибраимовдун сот иши 2-декабрга жылды

Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 554 | 0

Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов жана 10 адамдын кылмышы боюнча сот иши 2-декабрга жылдырылды. Буга соттук отурумга бир нече жактоочунун келбей калышы себеп болгон.

Бүгүн, 29-ноябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда сот иши уланган.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер Кулматов, Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Copyright © 2017 Maral FM