Биз менен байланышыңыз

Эки экс-мэрдин сотунда тыныгуу жарыяланды

Кыска кабар | 6 Ноя 2019 | 546 | 0

Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун үстүнөн уланып жаткан сот отурумунда тыныгуу жарыяланды. Буга айыпталуучулардын биринин ден соолугу кескин начарлаганы себеп болду.

Соттук процесс учурунда Бишкек мэриясынын алдындагы Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Сталбек Өмүракуновдун ден соолугу начарлап, тез жардам чакырылган. Ал аритмия оорусу менен жабыркап келгенин айтып, отурумга төрагалык кылуучу судья тыныгуу жарыялады.

Соттук процесстин алкагында Өмүрканов жана дагы 4 айыпталуучу УКМКнын тергөө абагында камакта жатышат. Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу эпизоду боюнча сурак берүүдө. Ал кезде Кулматов мэр болуп турган.

Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек Жылуулук электр борборун  модернизациялоонун алкагында 2 мектепти куруу үчүн кытайлык ТВЕА компаниясы берген 2 млн доллар грантты максатсыз пайдаланган деп айыпталууда.

Copyright © 2017 Maral FM