Биз менен байланышыңыз

Экс-мэр Ибраимовдун 147 жер тилкеси жана бир катар мүлктөрү конфискацияланат (тизме)

Кыска кабар | 24 Дек 2019 | 801 | 0

Башкы прокуратура Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан башкалаанын экс-мэри Албек Ибраимовдун үй-мүлкүн мамлекетке алуу боюнча чыгарган чечимине камтылган мүлктөрдүн тизмесин жарыялады.

Анда экс-мэрдин Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылында 2008-жылдан 2016-жылга чейин сатып алган 147 жер тилкеси бар экендиги аныкталган.

Мындан сырткары, Ибраимовдун 2014-жылы чыккан «Тойота Рав-4» үлгүсүндөгү унаасы, «Мурас» дыйкан чарбасы, Арашан айылындагы 5 дачасы, «Уздар Трейд» ЖЧКсы жана «Евразиялык Сактык банкында» катталган бир катар үлүштөрү мамлекеттин пайдасына кириштелмекчи.

Copyright © 2017 Maral FM